Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:52

Ветеринардык кызмат өлкө боюнча адистер жетиштүү экенин билдирди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги “Азаттыктын” аймактык-административдик реформа тууралуу макаласында айтылган “айыл жерлерде ветеринарлар азайганы” тууралуу пикирге жооп берди. Мекеменин алдындагы Ветеринардык кызматтын маалыматына караганда, бул жааттагы айрым укуктар аутсорсинг аркылуу жеке ветеринарларга өткөрүлүп берилген.

Мындай шартта жеке ветеринарлар жана параветеринардык адистер Ветеринардык палатанын каттоосунан өтүп, реестрге катталат. Андан соң райондогу, шаардагы ветеринардык башкармалыктар менен келишим түзүп, өзүнө бекитилген участокто иштей алышат.

“Бүгүнкү күндө Ош облусуна караштуу Алай райондук ветеринардык башкармалыгында 9 мамлекеттик кызматкер иштейт, ал эми 7 ветеринардык адис айыл өкмөттөрдүн штаттык бирдигинде катталып, эмгек акы алып иштешет. Мындан тышкары 12 жеке ветеринардык дарыгер райондук ветеринардык башкармалык менен түзүлгөн келишимдин негизинде иш алып барышат. Учурда Алай району боюнча эпизоотияга каршы пландар жана башка ветеринардык иш-чаралар өз убагында толук аткарылууда”, - деп жазылган маалыматта.

Мекеме билдиргендей, учурда өлкө боюнча мамлекеттик кызматкер катары 639 ветеринардык инспектор иштейт. Ал эми райондук, шаардык башкармалыктар менен түзүлгөн келишимдин негизинде эмгектенген 1 миң 145 жеке ветеринардык адис бар.

23-июлда “Азаттыктын” сайтына "14 айылга бир ветеринар". Аймактык реформанын айтылбаган көйгөйлөрү” деп аталга макала жарыяланган. Анда аймактык-административдик реформа тууралуу маалымат берилип, айыл аймактардын ирилештириши менен ветеринардык кызматкерлердин штаттык бирдиги азайганы тууралуу пикир айтылган.

Административдик-аймактык реформа тууралуу мыйзамды Жогорку Кеңеш 20-июнда кабыл алып, документке президент Садыр Жапаров 19-июлда кол койгон.

Реформанын жыйынтыгында айыл аймактардын саны 452ден 235ге чейин кыскарган. Анын алкагында штаттык бирдикти каржылоого кеткен чыгым 4,8 миллиард сомдон 3 миллиард сомго чейин азайганы жарыяланган.

XS
SM
MD
LG