Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:05

Грузияда "бийликке каршы кутум" аракети иликтенүүдө


Бидзина Иванишвили.
Бидзина Иванишвили.

Грузиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматы бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынын негиздөөчүсү Бидзина Иванишвилини жок кылуу жана өкмөттү «зомбулук жолу менен кетирүү» максатында «кутум уюштуруу» аракети болгонун билдирди. Мекеменин 24-июлдагы маалыматында бул окуяга байланыштуу иликтөө башталганы, жогорку кызматтагы мурдагы аткаминерлер колдогон «кылмыштуу топ» шектелип жатканы айтылды.

«Аталган кылмыштуу аракеттердин максаты башаламандык жаратуунун жана бийликти алсыратуунун фонунда деструктивдүү күчтөрдүн мамлекеттик бийликти күч менен кулатуусу болгон», - деп билдирди мекеме.

Жергиликтүү маалымат каражаттары кеминде алты адам суракка алынганын, алардын айрымдары Украинада орусиялык баскынчылардын мизин кайтаруу үчүн согушка катышканын жазышты, бирок шектүүлөр тууралуу кенен маалымат берилген жок.

Бул окуя Грузияда “чет элдик агент” мыйзамынын тегерегинде тиреш уланып жаткан чакта болду.

Грузин парламентиндеги 150 орундун 84үн кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат. Былтыр декабрда Тбилисиде Европаны жактаган он миңдеген адамдар жүрүшкө чыкканда, ага аталган партия катышкан эмес.

АКШ, Европа Биримдиги жана эл аралык укук коргоо уюмдары "чет элдик өкүл" мыйзамын Орусия президенти Владимир Путин эркин ойлонгон жарандарды жана көз каранды эмес институттарды басуу үчүн колдонуп жатат деп сындап, айыптаган. Дал ушул мыйзамдын көчүрмөсү делген, бийликтеги "Грузин кыялы" сунуштаган долбоор Грузияда 14-майда парламентте көпчүлүк добуш менен кабыл алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG