Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Жарым жылда Орусия аэропортторунан 3400дөй тажик жараны депортация болду


Тажикстан. Аэропорт.
Тажикстан. Аэропорт.

Быйылкы жылдын биринчи жарымында Орусиянын аэропортторунан жалпысынан 3400дөй тажик жараны депортация болгонун бүгүн 24-июлда Тажикстандын Жарандык авиация агенттигинин директору Хабибулло Назарзода билдирди.

«Озоди» радиосунун Орусиядагы тажик мигранттарынын абалы боюнча суроолоруна жооп берип жатып Назарзода аларды өлкөдөн чыгаруу толкуну алгачкы айларда (“Крокустагы” окуядан кийин) көп байкалганын белгиледи.

Депортация болгон мигранттардын көбү ошол окуядан кийин аларга кысым күчөгөнүн, Орусиянын аймагына учуп баргандарын аэропорттон эле кайра кайтарганын айтып беришкен. Бирок Назарзода буга «мигранттардын документине байланыштуу маселелер» себеп экенин айтууда.

«Мигранттар керектүү документи жок болгондуктан Орусияга кире албай калышкан. Мисалы, аларды чакырган адам белгисиз, иштеген жери белгисиз. Биздин жарандардын 95-99 пайызы кайда баратканын билет, бирок чек арага келгенде эмне дешти билбей, адашып же суроолорго так жооп бере албай калышат. Бул жерде эч кандай саясий себеп жок», - деди Назарзода.

Быйыл жазында Москвада «Крокус Сити Холл» борборунда кеминде 145 адамдын өмүрүн алган теракт боюнча кармалгандардын көбүнүн теги тажикстандык экени аныкталган. Ошондон бери тажик жарандарынын Орусияга кирүүсү кыйындады. Май айында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги элин азырынча Орусияга барбай кое турууга чакырган. (RK)

XS
SM
MD
LG