Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:38

Газада кеминде 55 кишинин өмүрү кыйылганы кабарланды


Газа.
Газа.

Газада соңку суткада дагы 55 кишинин өмүрү кыйылганын, жалпысынан дээрлик он айдан берки согуш 39 миңден ашуун палестин тургунунун өмүрүн алганын бүгүн 24-июлда сектордун саламаттык сактоо мекемеси билдирди. Мекемени ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) көзөмөлдөйт.

Жергиликтүү тургундар Газанын түштүгүндөгү Хан-Юнис шаарынын чыгыш тилкесинде үйлөр талкаланганын, миңдеген киши батыш аймакты көздөй кетүүгө мажбур болгонун Reuters агенттигине айтып беришти. Өзгөчө кырдаалдар мекемеси айрым тургундар уранды астында калган үйнөн чыга албай калып, жардам сурап кайрылып жатышканын, бирок аларга жетүү оор экенин маалымдады.

Израил аскерлери чабуулун ХАМАСтын согушкерлери топтолгон жерлерге коюп жатканын билдирүүдө.

АКШ, Египет жана Катар өкүлдөрү Газадагы согуштту токтотуу үчүн ортомчу катары тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп келе жатышат, бирок алардан азырынча жыйынтык чыга элек.

Анклавдын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү улам бир аймакка барып, качкын болуп жашоодо. Эл аралык уюмдар Газа калкын ачарчылык да тооруп турганын айтууда. Согуштун айынан Израилдин дарегине палестин калкына карата геноцид тууралуу айыптоолор айтылууда, өзү антип айтууга эч негиз жок экенин белгилеп, ХАМАСты жок кымайынча өз коопсуздугуна коркунуч сакталып тура берерин билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG