Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:34

Украина орус аскерлеринин чабуулунан эки жараны каза болгонун билдирди


Украина. Харьков шаары. 2024-жылдын 24-июлу.
Украина. Харьков шаары. 2024-жылдын 24-июлу.

Орусиянын 24-июлдагы аткылоосунан жана ракеталык чабуулдарынан Украинада кеминде эки кишинин өмүрү кыйылганын украин тараптын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти. Дагы бир нече киши жараат алганы кабарланды.

Херсондо 77 жаштагы аялдын, Украинанын экинчи ири шаары Харьковдо жарылуудан кийин тутанган өрттөн дагы бир кишинин өмүрү кыйылганы маалымдалды.

Одесса облусунун Измаил району учкучсуз учактардын жапырт соккусуна кабылды.

Украин президенти Владимир Зеленский шейшемби күнү аскер жетекчилиги менен жыйын өткөргөнүн, фронттогу жана аймактардагы абалды талкуулаганын айтты:

“Биздин максат – орус аскерлерин, алардын логистикасын жана маанилүү позицияларын алдыңкы тилкеде гана эмес, түпкүрүндө да туруктуу негизде бардык күч-аракетибиз жана каражатыбыз менен жок кылуу. Өлкөбүздү коргоо деңгээлин жогорулатуу багытында өнөктөштөр менен иштөөнү улантып жатабыз».

2014-жылы Орусия Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алган, ал эми 2022-жылдын февралында баштаган согушунан бери айрым аймактарын ээлеп алды.

Согушту эгер Батыш Москвага басым көрсөтө алса сүйлөшүү жолу менен токтотсо болорун украин президенти жакында Би-би-сиге курган маегинде айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG