Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:32

Германия "Иран менен байланышта" деп шектелген уюмга тыюу салды


Германия.
Германия.

Германия өкмөтү «Иран жетекчилигинин идеологиясына үгүттөгөн жана бул өлкө колдогон ливандык «Хезболла» тобунун согушкерлерине колдоо көрсөткөн» деген негизде “Гамбургдагы ислам борбору” (IZH) уюмунун ишмердүүлүгүнө тыюу салды. Бул тууралуу бүгүн 24-июлда немис Ички иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматында айтылгандай, уюмдун башкы кеңсеси Гамбург шаарында жайгашкан, ага тыюу салуу тууралуу чечим полициянын өлкөнүн бардык аймактарында жалпысынан 53 объектиде жүргүзгөн рейддеринин жыйынтыгы менен кабыл алынды.

Борбордун өзүнүн жана Германиянын бир нече аймагында жайгашкан беш бөлүмүнүн ишине тыюу салынды. Алар боюнча текшерүү жана рейддер былтыр ноябрда башталган.

Немис ички иштер министри Нэнси Фезер тергөөдө чогултулган далилдер "олуттуу шектенүүлөрдү тастыктаганын, тыюу салууга буйругу ошонун негизинде берилгенин" билдирди жана "IZH Германияда исламчыл-экстремисттик, тоталитардык идеологияны, агрессивдүү антисемитизмди жайылтып, «Хезболла» террорчуларын колдоп жатканын» кошумчалады.

“Гамбургдагы ислам борборун” 1950-жылдары Германияда окуган ирандык студенттер негиздеген. Бул уюм Германияда 1961-жылы ачылган эң байыркы мечиттердин бирин башкарат. (RK)

XS
SM
MD
LG