Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:33

Кыргызстандан Орусияга сүт азыктарын, балык ташууга киргизилген чектөө алынды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Орусия Кыргызстандан ташылып барган балык жана сүт азыктарына киргизген чектөөлөрүн толугу менен алганы маалым болду. Бул тууралуу 24-июлдагы маалымат жыйында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдинов билдирди.

“Бир ай мурун Экономика жана коммерция министрлиги, ветеринардык кызматы менен чогуу Орусияда Россельхознадзор мекемеси менен жолугуп келдик. Анда сүт азыктары жана балыкты ташып кирүүгө салынган чектөөлөрдүн баары алынды”, - деди Насирдинов.

Былтыр февраль айында Россельхознадзор кыргыз балыгын өлкөгө алып кирүүгө тыюу салган. Ага кыргызстандык ишкерлер алып барган балыктан жана икрадан мите курттар чыкканы тууралуу дооматтар негиз болгон эле. Июнда бир катар балык чарбаларга уруксат берилген.

Кайра апрель айында Кыргызстандан сүт азыктарын да ташып келүүгө тыюу салынган.

Айрым эксперттер кыргыз экспортуна карата мындай чечимдерди Кремлдин геосаясий маанайына да байланыштырган.

XS
SM
MD
LG