Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:42

Түштүк Кореяга 23 кыргызстандык жумушка жөнөтүлдү


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тараткан сүрөт.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тараткан сүрөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы 23 кыргызстандык Түштүк Кореяга жумушка жөнөтүлгөнүн билдирди. Алар Кореяга ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр системасы аркылуу жиберилген.

Программанын негизги талаптарынын бири – корей тилин билүү.

“Аталган программанын алкагында 17 жылдан бери жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору Кыргызстандын жарандарын Корея Республикасынын ишканаларында ийгиликтүү ишке орноштуруп келет. Меморандумдун алкагында 5 миңден ашуун жаран жумуш тапты”, - деп жазылган министрликтин маалыматында.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда тиешелүү уруксаты бар 160тай агенттик иш жүргүзөт. Былтыр министрлик жана ушундай агенттиктер аркылуу 18 миңден ашуун кыргызстандык чет мамлекеттерде ишке орношкон. Алардын басымдуу бөлүгү Улуу Британияга айыл чарба жумуштарына барган.

XS
SM
MD
LG