Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:38

ЕБ Армения менен визасыз режим тууралуу сүйлөшүү баштоого макул болду


Звартноц аэпортунда каттоого кезек күтүп турган жарандар. 22-апрель, 2024-жыл. Армения.
Звартноц аэпортунда каттоого кезек күтүп турган жарандар. 22-апрель, 2024-жыл. Армения.

Евробиримдик Армения менен визасыз режим тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоого макул болуп, Ереванга 10 миллион евролук аскердик жардам көрсөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу шаркеттин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел билдирди.

"Армения бул эки чечимди көпкө күттү", - деди Боррел 22-июлда Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынында.

Орусиянын салттуу өнөктөшү болуп келген Армения соңку убактарда Батыш менен алакасын жакшыртууга умтулуп, Москвадан оолактоо аракетин көрүп келет.

Евробиримдиктин чечимин расмий Ереван кубаттоо менен кабыл алды. Бул жараян бир нече жылга созулушу мүмкүн. Андан кийин армениялыктар Шенген аймагына 180 күндүн ичинде 90 күн ээн-эркин кирип-чыга алышат.

Буга чейин мурдагы СССРдин курамына кирген республикалардан Молдова, Украина жана Грузиянын жарандарына шаркет аймагына визасыз кирүүгө шарт түзүлгөн.

Аскердик жардам тууралуу чечим Европалык Тынчтык фондуну алкагында кабыл алынды. Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги бул чечимге дароо каршылыгын билдирди.

"[Бул чечим] туура эмес жана кооптуу кадам, ошондой эле аймактагы чыңалууну күчөтүшү мүмкүн",- деди министрликтин маалымат катчысы Айхан Гажизаде.

Соңку отуз жылда Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабактын айынан бир нече жолу согушту. Былтыр күзүндө Баку бир күндүк аскердик операциянын алкагында Тоолуу Карабакка толук көзөмөл орнотту. Ал жактагы 100 миңдей этностук армян Армениянын аймагына качууга аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG