Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:16

Арстанбапта сел жүрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абадда сел каптаган аймакта ыкчам топ иштеп жатканын бүгүн 23-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагынын Арстанбап айылында саат 18:30 чамасында нөшөр жааган жамгырдын кесепетинен колоттордон келген сел суу ички чарбалык жолду каптаган.

"Баштапкы маалымат боюнча, жол каттамы ачык. Жерине саат 18:55те Базар-Коргон райондук ӨКБдан ыкчам топ тартылган. Кошумча маалымат берилет", - деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Социалдык түйүндөргө тараган видеолордон сел суусу кээ бир автомашиналарды агызып баратканын көрүүгө болот. (TB)

XS
SM
MD
LG