Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:10

Украин тышкы иштер министри согуш башталганы алгачкы жолу Бээжинге барды


Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия кеңири масштабдагы согуш ачканы Бээжинге алгачкы ирет барды. 23-июлда башталган үч күндүк сапардын алкагында үч жылга аяк баскан согушту токтотуунун жолдору талкууланары күтүлүүдө. Кулеба Бээжинге кытайлык кызматташы Ван И нин чакыруусу менен барганы кабарланды.

"Орусиянын агрессиясын токтотуу менен туруктуу жана адилеттүү тынчтык орнотуудагы Кытайдын ыктымал ролу сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы болот",-деп жазылат украин Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө.

Орусия менен Кытайдын тыгыз мамилесин эске алганда бул көптөр үчүн күтүүсүз сапар болду. Июнь айында украин бийлиги Швейцарияда эл аралык Тынчтык саммитин өткөргөн. Ага 100дөй өлкөнүн делегациялары катышкан. Орусия чакыртылган эмес. Украина ноябрь айында Москванын өкүлдөрүнүн катышуусу менен дагы бир жыйын өткөрүүнү көздөп жатканын билдирген. Кытай Швейцариядагы саммитке катышкан эмес. Анын алдында Бразилия менен биргеликте алты баскычтан турган тынчтык планын жарыялап, Киев менен Москванын катышуусунда эл аралык тынчтык конференциясын өткөрүүгө чакырышкан.

Мындан улам Украинанын президенти Владимир Зеленский согуш башталгандан бери Бээжинди катуу сынга алып, Кытайдын мындай аракеттери Швейцариядагы жыйынга тоскоолдук жаратып жатканын айткан.

Украинадагы согушта бейтарап позицияны карманарын айтканы менен Кытай Москвага курал чыгарууга керек маанилүү компоненттерди жеткирет. Бул үчүн Батыш мамлекеттери Бээжинди сынга алып, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Кытайдын Москвага жардамы согушта "чечүүчү факторго" айланганын билдирген.

Кытай болсо анын Орусия менен алака-катышы кайсы бир үчүнчү өлкөгө каршы багытталбаганын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG