Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:13

Ноокатта сел жүрүп, айылдардагы чарбалык жол жабылды


Ош облусунун Ноокат районунда нөшөрлөгөн жамгырдан Кара-Кой жана Калдай айылындагы Мурдачы жайлоосунан келген сел суулары эки боз үйдү, Тельман-Кара-Кой чарбалык жолунун 25-чакырымын каптап, жол жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Учурда жеринде ӨКМнын ыкчам тобу техника менен тартылып, иштеп жатат. Кошумча маалымат берилет.

Ноокат районунун аймагында акыркы айда бир нече жолу сел жүрдү. 28-30-июндагы катуу селде 10дон ашык адам каза тапкан. Расмий маалыматка караганда, быйыл жалпысынан 230дай сел болуп, андан 20дан ашык адамдын өмүрү кыйылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) караштуу Кыргызгидромет кызматы 18-22-июль күндөрү туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөргө байланыштуу чукул билдирүү таратып, өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, автоунаа жолдордо таш кулашы мүмкүн экенин эскерткен. (TSh)

XS
SM
MD
LG