Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:11

Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу августта башталарын айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу август айынын аягында башталарын билдирди. Бул тууралуу президент 22-июлда Токтогул районундагы “Кайнама” чакан ГЭСинин ачылышындагы эл менен жолугушуусунда айткан.

“Бул жолду деле 4-5 жылда бүтүрөбүз. Быйыл августтун аягында барып, үч президент капсула салып, старт беребиз. Азыр ички жолубузду алып келе жатабыз. Азыр 30-40 чакырымга жакындап калды. Кара-Кече аркылуу Макмалга алып келип кошобуз дагы, ички темир жолубуз дагы түндүк менен түштүк биригет”, - деди президент.

Жапаров "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга 27-июнда кол койгон.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу боюнча соңку макулдашууну ратификациялоо мыйзамына 10-июлда кол койгон.

Темир жол “Кашкар - Торугарт - Макмал - Жалал-Абад - Анжиян” багытында түшөт. Анын узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Кыргыз жергесинде 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннель курулат. Макмалдын эки жагындагы колея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат.

Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууга 2024-жылы 6-июнда Бээжин шаарында кол коюлган. (TSh)

XS
SM
MD
LG