Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Нарын шаарынын бийлиги коомдук жайларда интернет акысыз болорун билдирди


Нарын шаары, архивдик сүрөт.
Нарын шаары, архивдик сүрөт.

Нарын шаарындагы жыйырма чакты коомдук жайда акысыз Wi-Fi интернет жеткиликтүү болот. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Облус бийлигинин “Смарт - Нарын 24” долбоору Борбор Азия университетинин жана Билайн компаниясынын колдоосу менен жүзөгө ашып, август айынан тарта ишке кирет.

Нарын шаары - Нарын облусунун жана Нарын районунун административдик борбору. Шаарда 40 миңден ашык калк жашайт.

Кыргызстан санарип экономиканын кыймылдаткычы болгон интернеттин ылдамдыгы жана жеткиликтүүлүгү боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы сапта. Буга чейинки маалымат боюнча, Кыргызстандын 2000ден ашуун калктуу конуштары интернет менен камсыздалган, бул өлкөнүн 97% түзөт. Интернет байланышы жете элек 20 ашуун айыл калган, алардын көбүндө электр жарыгы да жок.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын соңуна карай уюлдук байланышка кошулгандардын саны 7 млн 437 миң абонент болгон. Интернетти активдүү колдонуучулардын саны 6 млн 469 миң кишиден турган. (TSh)

XS
SM
MD
LG