Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:09

Укук коргоочулар Иранда шайлоодон кийин өлүм жазасы кайра күчөгөнүн билдирүүдө


Иран. Иллюстрациялык сүрөт.
Иран. Иллюстрациялык сүрөт.

Укук коргоочулар Иранда өткөн дем алыш күндөрү сегиз киши дарга асылганын маалымдап, президенттик шайлоо алдында болгон тыныгуудан кийин бул өлкөдө өлүм жазасын ишке ашыруу кайрадан күчөгөнүнө тынчсыздануусун билдирип жатышат.

HRANA агенттиги 21-июлда Караж шаарындагы Кезел Хесар түрмөсүндө маңзатка байланыштуу соттолгон төрт киши дарга асылганын, алардын бири Ооганстандын жараны экенин маалымдады.

Укук коргоочулардын белгилешинче, Иранда өлүм жазасына тартылгандар арасында оогандыктар көбөйдү, алар боюнча соттун адилет чечимине жетишүү мүмкүн эмес болууда.

Башкы кеңсеси Осло шаарында жайгашкан «Ирандын адам укуктары» уюму өлкө түштүгүндө жайгашкан Шираз шаарындагы түрмөдө да төрт киши дарга асылганын, алардын үчөө адам өлүмүнө, төртүнчүсү зордуктоого айыпталып кармалганын, бири аял киши экенин билдирди.

«Ирандын адам укуктары» уюму быйыл биринчи жарым жылдыкта өлкөдө өлүм жазасы 30 пайыз азайганын билдирген, бирок мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жараяны аяктагандан кийин кайрадан көбөйүшү ыктымал экенин эскерткен.

5-июлда президенттик шайлоодо реформачыл саясатчы катары таанылган Масуд Пезешкиан жеңишке жетишкен.

15-июлда эл аралык Human Rights Watch уюму аны өлүм жазасына тартылгандардын саны өсүп жатканына каршы күрөшүүгө үндөгөн.

«Ирандын адам укуктары» уюмунун маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери Ирандын түрмөлөрүндө кеминде 268 киши дарга асылган. Алардын жарымынан көбү маңзатка байланыштуу соттолгондор.

Amnesty International уюму 2023-жылы Иранда өлүм жазасына кеминде 853 киши тартылганын, алардын 481и маңзат үчүн кармалгандар экенин кабарлаган. (RK)

XS
SM
MD
LG