Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:12

Самарада борборазиялык эки өспүрүм депутатты "өлтүрүүгө аракет кылган" деп айыпталууда


Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда парламенттин төмөнкү палатасынын депутаты менен мушташа кетти деген айып менен кармалып, эки айга камакка алынган үч өспүрүмдүн экөө Борбор Азиядан экени белгилүү болду.

Окуя быйыл 18-июлда Самара шаарында болгон. Өспүрүмдөр Мамлекеттик Думанын КПРФ партиясынан депутат Михаил Матвеев менен мушташа кетишкен. Депутат көчөдө мигранттар катышкан мушташты токтотууга аракет кылганын, аны бөтөлкө менен башына уруп, качып кетишкенин айткан.

Кылмыш ишин Орусиянын Тергөө комитети иликтеп жатат. Иш адегенде «ээнбаштык» деген берене менен козголгон, кийин мекеменин төрагасы Александр Бастрыкиндин тапшырмасы менен «адам өлтүрүүгө аракет жасоо» деп өзгөртүлгөн.

Шектүү катары кармалгандардын бири 16 жаштагы жергиликтүү тургун, экинчиси 19 жаштагы теги тажикстандык орус жараны жана үчүнчүсү 19 жаштагы өзбек жараны.

Адвокаттар аларды үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн, бирок сот үчөөнү тең 18-сентябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. (RK)

XS
SM
MD
LG