Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

Бангладеш: Сот чечими расмий жарыяланмайынча акция улана берери айтылды


Bangladesh Campus Violence Photo Gallery
Bangladesh Campus Violence Photo Gallery

Бангладеште студенттер бийликтин мамлекеттик сектордогу жумуш орундарына квота маселеси боюнча чечими расмий жарыя болмоюнча нааразылык акциясын уланта берүүнү убада кылышканын бүгүн 22-июлда Reuters агенттиги билдирди.

21-июлда өлкөнүн Жогорку соту жумуш орундары боюнча айрым талаштуу квоталарды жокко чыгарган чечим кабыл алганы жарыяланган.

Эми, бул чечимге ылайык, мамлекеттик сектордогу кызматтык орундардын 93% талапкерлердин кесиптик жарамдуулугуна жараша бөлүштүрүлөт. 1971-жылы Пакистандан көз каранды эместик үчүн согушка катышкан ардагерлердин туугундары үчүн мурда орундардын 30% ашыгы каралган болсо, эми 5% болот. Калган 2% аз улут өкүлдөрүнө, майыптыгы барларга жана «үчүнчү жыныс» өкүлдөрүнө бөлүштүрүлөт.

Өткөн айда жергиликтүү сотто 2018-жылы жокко чыгарылган квота системасы кайра калыбына келтирилген. Бул чечим жекшемби күнү өлкөдө студенттер баштаган нааразылык акцияларын тутанткан.

AFP агенттигинин соңку маалыматына караганда, кеминде 147 адамдын өмүрү кыйылды, миңден ашуун демонстрант жараат алды. Каза болгондордун үчтөн бири полициянын колунан көз жумганы кабарланган. Полиция акциянын катышуучулары өкмөт, телекоммуникация жана абак мекемелеринин көбүн талкалап, өрттөп жибергенин билдирген.

Студенттер бийликтен акциянын уюштуруучуларын коё берүүнү, коменданттык саат режимин токтотууну жана университеттердин ишин калыбына келтирүүнү талап кылып жатышат.

22-июлга карата Бангладеште абал туруктуу экенин, көчөлөрдө танктар турганын, куралчан коопсуздук кызматкерлери жүргөнүн, интернет үзгүлтүккө учурап жатканын Reuters маалымат агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Калкы дээрлик 170 миллион Бангладеште жаштардын 18 миллионго жакыны жумушсуз. (RK)

XS
SM
MD
LG