Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигинде мыйзам бузуу аныкталды


Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигинде 149 миллион 944 миң сомдон ашуун финансылык мыйзам бузуу аныкталды. Бул тууралуу 11-июлда Эсеп палатасы маалымдады.

Расмий кабарга ылайык, мекеменин 2022-жылдагы бюджетинин аткарылышына аудит жүргүзүлүп, ушундай тыянак чыгарылган. Эсеп палатасы министрлик бюджеттин акчасына сарамжал мамиле кылган эмес деп эсептейт. Бул сумманын 876 миң сомдон ашууну эмгек акыны туура эмес эсептөөгө туура келет. Андан тышкары, коротулган акча менен товардык-материалдык каражаттардын чыгымынын шайкеш келбегени аныкталган. Аудиттин жүрүшүндө каражаттын бир бөлүгү калыбына келтирилген. Калганын укук коргоо органдары териштирүүдө.

Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлиги азырынча комментарий бере элек.

Transparency International эл аралык уюму дүйнөнүн январда 180 өлкөсүндөгү коррупциянын индексин жарыялаган. Рейтингде Кыргызстан 141-орунду ээлеген. Бул 2022-жылдагы көрсөткүчкө караганда жагдай бир баскычка начарлаганын билдирет. Кыргыз бийлиги былтыр ноябрда өлкөдөгү жемкорлуктун тамырын 90% кыркып, саясий коррупцияны жойгонун жарыялаган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG