Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:00

Үйдөгү сот: Көлбаевдин апасына катталган мүлктөр алынабы?


Камчы Көлбаевдин апасынын үйүндөгү сот
Камчы Көлбаевдин апасынын үйүндөгү сот

Кримтөбөл Камчы Көлбаевди апасы Мая Алиевага Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси ("кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдоо") беренеси менен иш козголуп, ага катталган 13 мүлк боюнча соттук териштирүү уланып жатат.

Сот отурумдарынын бири анын үйүндө өтүп, видеосу социалдык тармактарга жарыяланды. Анда айыпталуучу төшөктө жатканын, анын тегерегинде судья, прокурор жана адвокат отурганын көрүүгө болот.

Үйдө уланган отурум, шаардык соттун жообу

Мая Алиеванын үйүндө уланган отурумдун видеосун анын адвокаты Бактыбек Жумашев жарыялаган, андан кадимкидей эле процесс өтүп жатканын көрүүгө болот. Болгону айыпталуучу катары өтүп жаткан Мая Алиева төшөктө жатканы тартылган. Камчы Көлбаевдин апасы “кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдоо” беренеси менен айыпталып, бул иш шаардагы Октябрь райондук сотуна 2024-жылы 17-апрелде келип түшкөн. Ошондон бери анын наамындагы 13 мүлк боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат. Ишти караган судья Тилектеш Бегалиев 22-июлда көчмө отурум өткөрүү чечимин кабыл алып, айыпталуучунун үйүндөгү процесске бардык тараптар катышкан.

Көлбаевдин апасынын үйүндөгү отурум социалдык тармактарда талкуу жаратты. Бишкек шаардык соту айыпталуучу жараянды атайын создуктуруп жаткандыктан, ушундай чечим кабыл алынганын билдирди.

“Үч айдан бери сотко айыпталуучуларды алып келүү үчүн болгон аракеттер көрүлдү. Бирок айыпталуучулар жана алардын адвокаттары сот процессин жасалма жолдор менен чойгонго аракет кылып жатат. Бир эле жолу, 22-июлда сот процесси айыпталуучунун үйүндө өттү. Андан кийинки отурумдар соттун имаратында болду. Келерки процесс 29-июлга белгиленди, сот жараяны ачык”, - деп айтылат шаардык соттун маалыматында.

Мунун алдында Көлбаевдин бир тууганы Жолдошбек Көлбаев бийликке кайрылуу жолдогон. Мая Алиева 29-июлдагы отурумга келген жок. Анын адвокаты Бактыбек Жумашев айыпталуучу эки жолу инсульт алгандыктан отурумдарга келе албай турганын, келсе да анын мазмунун түшүнбөй калышы мүмкүн экенин айтты. Ушундан улам сотко медициналык, психиатриялык экспертиза дайындоо өтүнүчүн келтирди.

Бактыбек Жумашев.
Бактыбек Жумашев.

“Эптеп-септеп басат. Кадамдары ашып кетсе 10 сантиметрден. Түшүнүүсү боюнча да чоң күмөнүм бар. Анткени көчмө сот учурунда эмне сөз болуп жатканын түшүнбөйт. Каякта жашап жатканы, каякта туулганы боюнча суроолорго да жооп бере албай, анын ордуна балдары жооп берип жатышты. Сотко катышары же катыша албашы психиатриялык экспертизанын жыйынтыгы менен гана чечилиши керек деп эсептейм".

Мая Алиеванын адвокаттары сотко анын 2014-жылы инсульт алганы туурасында гана аныктаманы алып келип, соңку жылдардагы саламаттыгы боюнча документтерди көрсөткөн эмес. Прокурор андан бери Мая Алиева ар кандай иш-чараларга, тойлорго катышып жүргөнүн айтып, экспертиза дайындоого негиз жоктугун билдирди.

“Андан бери 10 жыл өттү. Ал бардык салтанатуу иш-чараларга катышып келген. Анын акыл-эси ордунда эле болгон. Анан бир учурда эле өзүнүн аракеттерине жооп бере албайт деп эсептелип калабы?" - деди сотко катышып жаткан прокурор.

Жыйынтыгында кримтөбөлдүн апасына байланыштуу иш 30-июлга жылды. Отурумга Мая Алиеванын саламаттыгы боюнча документтер алынып келсе, судья адвокаттын өтүнүчү боюнча чечим кабыл алышы керек.

Кримтөбөлдүн апасына катталган 13 мүлк

Сотто Алиеванын наамындагы 13 мүлктү мамлекетке кайтарууга аракет көрүлүп жатканы белгилүү болду. Бирок алардын тизмесин көрө алган жокпуз. Osoo.kg сайтындагы маалымат боюнча, Мая Алиеванын наамына Чолпон-Атадагы “Асанбек” мал чарбасы, "Барс" деп аталган ден соолукту чыңдоо борбору катталган.

Чолпон-Атадагы "Асанбек" чарбасы Мая Алиевага катталган.
Чолпон-Атадагы "Асанбек" чарбасы Мая Алиевага катталган.

Бул иште Мая Алиевадан тышкары Нурия Тентешова аттуу жаран да айыпталуучу катары өтүп жатканы маалым болду. Бирок анын Камчы Көлбаев менен кандай байланышы бар экени, наамына канча мүлк катталганы айтылган жок.

Негизи Камчы Көлбаевдин, анын жакындарынын байлыгы эбегейсиз экени айтылып, журналисттик иликтөөлөр жарыяланып келген. Бирок ачык булактарда Көлбаевдин наамына жазылган мүлк, компаниялар кездешпейт. Аларга тиешелүү делген имараттар, компаниялар, эс алуу жайлары апасы Мая Алиевага, бир тууганы Жолдошбек Көлбаевге жана башка жакындарына катталганы боюнча маалыматтар бар.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы ноябрда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Көлбаевдин апасы боюнча мындай деген:

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

"Ошол Камчы Көлбаевдин өзүнө эле эмес, кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө, үй-бүлөсүнө, апасына бир нече машине катталган. Бирок Көлбаевдин апасына беш-алты брондолгон машиненин эмне кереги бар? Туурабы? Бирок апасына каттап койгон да. Апасы ооруп жатып документтерин бербей жатат. Жакында сот болот. Калганын соттун чечими менен алабыз", - деген Камчыбек Ташиев.

Эркин журналист Мирлан Дүйшөнбаев кримчөйрөнүн мүчөлөрү байлыгын өзүлөрүнө эмес, жакындарына каттата турганын айтып жатат. Ушундан улам шектүү жол менен табылган Көлбаевдин байлыгы мамлекетке өтүп жатат деген ойдо.

"Бир гана Көлбаев эмес, ар кандай ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер мыйзамсыз жол менен байлык топтоп, аны туугандарына каттата калып, изин тазалап келген учурлар көп эле болгон да. Камчы Көлбаевдин апасында мүлктөрдүн булагын көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар да. Аны соттун жүрүшүндө далилдесе болот да. Тергөө органдарында ошол адамдын наамындагы байлыктын кандай жол менен табылганы боюнча маалымат болгону үчүн аларды мамлекетке кайтарып алуу аракети болуп жатат", - деди Мирлан Дүйшөнбаев.

"Улгайган кишини соттоо да, апасына мүлктү каттаганы да туура эмес"

Камчы Көлбаевдин өлүмүнөн кийин ага тиешелүү делген мүлктөр мамлекетке өткөрүлө баштаган. УКМК жалпы наркы 1 миллиард долларлык актив камакка алынганын, кылмыштуу жол менен табылган турак жай, коттеждер, жер тилкелери, кымбат баалуу автоунаалар жана ар кандай объектилер конфискация болгонун маалымдаган. Алардын айрымдары аукцион аркылуу сатылган.

Саясат талдоочу Шаирбек Маматокторов Көлбаев кылмыштуу жол менен табылган мүлктөрүн апасына каттатуу менен аны тобокелдикке кептегенин, акырында ал төшөктө жаткан абалда сотко катышууга мажбур болуп жатканын айтууда:

Шаирбек Маматокторов.
Шаирбек Маматокторов.

“Эгерде кримтөбөл тирүү болгондо, аны тайраңдатып, ошончолук деңгээлге жетишине себеп болгон күч органдарынын өкүлдөрү, соттор ошол жерге бара алат беле? Бара алмак эмес. Бир чети бир топ жашап калган кишини үйүнөн соттоо туура эмес. Ошол эле маалда Көлбаев мүлк менен чогуу апасына жоопкерчиликти жүктөгөн. Ал өзүнүн ким экенин билгенден кийин апасын таза кармашы керек эле. Эми ал кишини камап жиберели деген киши деле жок болсо керек. Анын бир туугандары анча-мынча оокатка жабышпай, мүлктөрүн өткөрүп бериши керек. Энеден өткөн байлык жок. Эгерде атасынан калган жер болсо соттошсо болот, кийин катталган мүлктөрүн өткөрүп берсин”.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук комитетинин атайын операциясында өлтүрүлгөн. Андан бери анын кылмыштуу тобуна тиешеси бар деген шек менен бир катар адамдар кармалып, кримтөбөлдүн бир топ мүлкү мамлекетке алынды.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG