Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:46

Селден улам Баткен районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды


Ак-Татырда иштеп жаткан адистер. 11-июль, 2024-жыл.
Ак-Татырда иштеп жаткан адистер. 11-июль, 2024-жыл.

Селден улам Баткен районунун аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланды. 10-июль күнү кечинде Ак-Татыр айылынын Аэропорт жана Өрүк-Зар тилкесин сел каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 100дөн ашуун тургун коңшу айылга көчүрүлдү. Эвакуациялангандардын арасында 40 бала бар. Жаандан улам каптаган сел суулары турак үйлөрго кирип, ички чарбалык жолдорду баскан.

Аталган кыштакта 11-июлга карата 121 куткаруучу жана 30дай техника иштеп жатат.

Буга чейин Лейлек районунун Катраң, Лейлек айыл аймактарында жааган жаандан Катраң-Өзгөрүш автожолуна сел суулары келип, каттам убактылуу токтогону кабарланган. Ак-Терек айылындагы сел өткөрүүчү сайынан сел суулары түшүп, Раззаков-Баткен жолун суу каптаган. Машинелерге каттам ачык.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда быйыл жалпысынан 230дан ашуун сел жүрүп, андан 17 адам көз жумган. Он чактысы балдар. Селдин чыгымы 170 миллион сомдон ашкан. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG