Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:00

Москвада сот алып баруучу Татьяна Лазареваны сыртынан камакка алды


Орусиялык теле алып баруучу Татьяна Лазарева.
Орусиялык теле алып баруучу Татьяна Лазарева.

Москванын Замоскворецк райондук соту теле алып баруучу, актриса Татьяна Лазареваны сыртынан камакка алуу чечимин чыгарды. Ага "террорчулукту актоо" беренеси менен кылмыш иши козголгону 17-июнда белгилүү болгон.

Буга Лазареванын Орусиянын шаарларына жасалган дрон чабуулдары тууралуу айтканы түрткү болгону кабарланган.

Ички иштер министрлиги Лазареванын сөздөрүн лингвистикалык экспертизадан өткөргөн. Жыйынтыгында "террорчулук ишмердүүлүктү актаган далилдер" табылган. Теле алып баруучунун айтканын текшерип чыгууну Мамдуманын депутаты Андрей Альшевских талап кылган.

13-июнда Ички иштер министрлиги Лазаревага издөө жарыялаган.

2022-жылдын июль айында Татьяна Лазареваны "чет элдик агенттердин" реестрине киргизишкен. Тизмеде анын мурдагы күйөөсү, алып баруучу Михаил Шац дагы бар. Экөө тең Москва Украинага кеңири масштабдагы согуш ачканы өлкөдөн чыгып кетишкен. Лазарева көп жылдардан бери Владимир Путиндин режимин сындап келет.

2011-жылдын декабрь айында Болотная аянтындагы митингде башкы ораторлордун бири болгон. 2014-жылы Крымдын аннексияланышына каршы чыккан. Кийин Украинага кол салууну да айыптаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG