Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:14

Баткен, Лейлек райондорунда сел жүрүп, айрым автоунаа жолдору жабылды


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тараткан сүрөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) тараткан сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 10-июлда Баткен районунун тоолуу аймактарында жааган жаандан улам Айгүл-Таш - Согмент автоунаа жолунун 3-9-чакырымында жана Баткен-Боз-Адыр жолунда сел жүрүп каттам токтотулганын билдирди.

Жеринде ыкчам топ жана №2 жол тейлөө ишканасынын техникалары иштеп жатат.

Ал эми Лейлек районунун Катраң, Лейлек айыл аймактарында жааган жаандан Катраң-Өзгөрүш автожолуна сел суулары келип, каттам убактылуу токтогон.

Ак-Терек айылындагы сел өткөрүүчү сайынан сел суулары түшүп, Раззаков-Баткен жолун суу каптаган. Машинелерге каттам ачык.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда быйыл жалпысынан 236 сел жүрүп, андан 17 адам көз жумган. Он чактысы балдар. Селдин чыгымы 170 миллион сомдон ашкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG