Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:18

10-июль: Израилдин чабуулунан Газада 20дан көп киши каза тапканы кабарланды, ЖМК мыйзамы коомдук талкууга коюлду


Газа. Июль, 2024-жыл
Газа. Июль, 2024-жыл

10-июлда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

  • Газада 20дан көп кишинин өмүрү кыйылганы кабарланды

Израилдин армиясынын Газа тилкесинин түштүгүндөгү Абассан шаарындагы мектептин аймагына 9-июлдагы аба соккусунан кеминде 29 кишинин өмүрү кыйылганын анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди. Алардын көбү аялдар жана балдар экени кабарланды.

Аба соккудан мектептин жанындагы качкындар баш калкалап жаткан чатырчалар жабыркаган.

Израил армиясы карапайым адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат иликтенип жатканын билдирди. ЦАХАЛдын жүйөсүнө караганда, окуя Израилге 7-октябрда болгон кол салууга катышкан ХАМАСтын (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) согушкерин "таамай сокку менен жок кылуу маалында" болгон.

ХАМАС көзөмөлдөгөн анклавдын маалымат каражаттарын тескөө башкармалыгынын жетекчиси Исмаил Аль-Тавабтанын айтымында, 9-июлда Газанын борбордук бөлүгүнө жасалган аба соккулардан ондогон жайкын тургундар набыт болду. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

  • Лаззат Нургожоеванын жигити 3-августка чейин камакка алынды


Президент Садыр Жапаровдун инисинин кызы Лаззат Нургожоеванын жигити Афтандил Сабырбеков Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтому менен 3-августка чейин тергөө абагына камакка алынды. Афтандил Сабырбековго Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен айып коюлууда.

Ал баңгизат ишине байланыштуу кармалганы тууралуу маалыматтар 9-июлда тараган.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов бул сөздөрдү 10-июлда ырастап, “Афтандил Сабырбеков мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табууга аракет кылган” деп билдирди.

  • Мирзиёев темир жол мыйзамына кол койду

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу боюнча соңку макулдашууну ратификациялоо мыйзамына 10-июлда кол койду.

Бул тууралуу Юстиция министрлиги кабарлады. Документтин ишке ашырылышы үчүн жоопкерчилик Транспорт министрлигине жүктөлдү.

Анын максаты – "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолун биргелешип куруу жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүзөгө ашыруу. Бул мыйзам "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолунун курулушун баштоого мүмкүндүк берет.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга 27-июнда кол койгон.

  • Мадумаровдун өкүмү күчүндө калды

10-июлда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровго карата Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды.

Отурумдан кийин саясатчы чечим мыйзамсыз болгонун айтып, Жогорку сотко апелляциялык арыз менен кайрыла турганын билдирди.

26-мартта Биринчи май райондук соту Адахан Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин абакта калтырылган.

  • Эки журналист пара талап кылууга шек саналып кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 10-июлда маалымат таратып, журналисттер Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кайгуул күзөт башкармалыгы менен чогуу жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларга каршы чогуу чыккан рейд учурунда тартылган видеоматериалдарды кийин айдоочуларды шантаж кылуу жана опузалап акча талап кылуу үчүн колдонуп келишкенин, жарандар алар талап кылган сумманы берүүгө мажбур болушканын билдирди.

Журналисттер Ж.Н.А. жана И.T.M. опуза жана коркутуу жолу менен 2000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кармалган журналисттердин адвокаттары жана жакындары менен байланышып, комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

  • ЖМК боюнча жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду


“Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорунун жаңыдан иштелип чыккан редакциясы 9-июлда коомдук талкууга коюлду.

13-мартта түзүлгөн жумушчу топ иштеп чыккан долбоордо онлайн платформалар жана маалымат каражаттары милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өтүш керек деген талап алып салынып, редакция ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болору, маалымат каражатынын булагын сыр катары сактоо укугу каралган.Жаңы редакцияда маалымат каражаттарынын жоопкерчиликтен бошотуу жагдайлары такталган. Мыйзам долбоору президенттин атынан сунушталып, коомдук талкууга коюлду.

  • Бейшеналиев күнөөлүү деп табылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 22-апрелде мурдагы билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиевди Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапканы белгилүү болду. Райондук соттун басма сөз кызматы 10-июлда “Азаттыкка” билдиргендей, сот Алмаз Бейшеналиевге 1 миллион 500 миң сом айып пул чегерип, үч жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштөөгө тыюу салды. Алмаз Бейшеналиев райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берген.

Шаардык сот ишти 1-июлда карап райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган. Ал пара алуу фактысы боюнча 2022-жылы сентябрь айында кармалып, кийин үй камагына чыккан.

  • Президент Садыр Жапаров бүтүрүүчүлөргө “Алтын сертификат” тапшырды


Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүтүрүүчүлөргө алтын сертификат тапшырып жатып, Кыргызстанда кесипкөй адистер жетишпей жатканын билдирди.

“Бүгүнкү күндө өлкө боюнча кесипкөй адистердин, кесипкөй кадрлардын тартыштыгы бар экени баарыбызга жакшы маалым. Бул үчүн мектептерден, билим берүү мекемелеринен билим пайдубалын бекем түптөп, андан ары жогорку окуу жайларды ийгиликтүү бүтүргөн билимдүү жаштардын арбын болушу талап кылынууда”, - деди президент.

Быйыл Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө 51 946 бүтүрүүчү катышты. Алардын ичинен тестти 21 831и орус тилинде, 30 115и кыргыз тилинде тапшырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG