Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:55

ЖМК боюнча жаңы мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду


Кыргызстанда иштеген журналисттер. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстанда иштеген журналисттер. Иллюстрациялык сүрөт.

“Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорунун жаңыдан иштелип чыккан редакциясы 9-июлда коомдук талкууга коюлду.

13-мартта түзүлгөн жумушчу топ иштеп чыккан долбоордо онлайн платформалар жана маалымат каражаттары милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өтүш керек деген талап алынып салып, редакция ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болору, маалымат каражатынын булагын сыр катары сактоо укугу каралган.

Ошондой эле буга чейинки мыйзам долбоорунда ЖМКлар Юстиция министрлиги менен Санариптик өнүктүрүү министрлигинен каттоодон өтүшү керектиги жазылса, бул жолку вариантта Юстиция министрлигинен гана каттоодон өтүү сунушталды.

Буга чейин Кыргызстандын аймагында маалымат каражаттарын негиздегенде чет өлкөлүк катышуу 50% ашпашы керек деп айтылса, бул жолу мындай норма телеканалдарга тиешелүү деп иштелип чыкты.

Жаңы редакцияда маалымат каражаттарынын жоопкерчиликтен бошотуунун жагдайлары такталган. Ага ылайык, маалымат расмий булактан алынса, коомдук жайда айтылган билдирүүнү чагылдырууда жоопкерчиликтен бошотулары көрсөтүлдү. Ошондой эле мамлекеттик органдардан маалымат алуунун жол-жобосу иштелип чыкты. Анда журналисттер мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын ишмердиги тууралуу маалымат сураган учурда үч күндүн ичинде жооп берүүгө, эгерде тактоо зарыл болсо, 14 календардык күн ичинде маалымат бериши керек. Бирок бул тууралуу мамлекеттик орган маалымат каражатына алдын-ала эскертиши зарыл.

Мыйзам долбоору президенттин атынан сунушталып, коомдук талкууга коюлду.

13-мартта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору артка кайтарылган. 7-мартта Садыр Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугуп, ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан.

Расмий маалымат боюнча, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн. Эгерде Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи вариантында кабыл алынса, ЖМКлар кайра каттоодон өтүп, аны Юстиция министрлиги жүргүзмөк.

Жогорку Кеңешке киргизилип, айрым комитеттерден биринчи окууда колдоо тапкан бул документти эл аралык жана жергиликтүү уюмдар сынга алган.

Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн 2022-жылы декабрда да жумушчу топ түзгөн. Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштарын акыркы 5-вариантка киргизбей койгондо, алар Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзам долбоорун мындай абалда кабыл албоо керек экенин айтышкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG