Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:03

Шаардык сот Адахан Мадумаровго чыккан өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды


Адахан Мадумаров. 30-апрель, 2024-жыл.
Адахан Мадумаров. 30-апрель, 2024-жыл.

10-июлда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровго карата Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмдү өзгөртүүсүз калтырды.

Отурумдан кийин саясатчы чечим мыйзамсыз болгонун айтып, Жогорку сотко апелляциялык арыз менен кайрыла турганын билдирди.

26-мартта Биринчи май райондук соту Адахан Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин абакта калтырылган.

Жети ай Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жаткан Адахан Мадумаров 26-апрелге караган түнү боштондукка чыккан. Бул күнү биринчи инстанциянын чечимине 30 күн болгон.

Адахан Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген. Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралганын билдирген. Саясатчы ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Адахан Мадумаров “Азаттык” радиосуна берген интервьюсунда иш “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен тергелип, өкүм чыгардын алдында ал “Бийликтен аша чабуу” беренесине алмашканын билдирген. Саясатчынын соту жабык өткөндүктөн, буга чейин берене өзгөртүлгөнү тууралуу маалымат берилген эмес.

Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевге да айып коюлган.

Адахан Мадумаров 2023-жылы 2-сентябрда кармалган. Оппозициялык саясатчы өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, соттун чечимин “жапайычылык” деп баалаган. (BTo/MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG