Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:04

Орусияда мигрантты депортациялоо мыйзамдарын күчөтүү сунушталууда


Орусия. Иллюстрация сүрөт.
Орусия. Иллюстрация сүрөт.

Орусияда чет элдиктерди өлкөдөн чыгаруу мыйзамдарын күчөтүү сунушталууда. Ички иштер министрлиги, "Интерфакс" маалымат агенттиги жазгандай, Административдик тартип бузуулар жөнүндөгү кодекске чет элдиктерди кайсы бир мыйзамдарды бузду деген негизде өлкөдөн чыгарууга мүмкүнчүлүк бере турган кеминде 20 берене киргизүүнү сунуш кылды.

Мекеме Орусияда бир жылда чет элдик жарандар аралашкан 235 миңдей административдик тартип бузуу катталып жатканын белгиледи.

Министрлик кодекске сунуштап жаткан 20 берененин көпчүлүгү коомдук тартип, коопсуздук, анын ичинде экстремизмге каршы күрөш жаатындагы укуктарды коргоого багытталарын кошумчалады.

"Бул чет элдик жарандарды Орусиядан мажбурлап чыгарууну тездетүүгө мүмкүнчүлүк берет ", - деп айтылды ИИМдин маалыматында.

Орусия полициясы мигранттарга карата түзүлгөн административдик протоколдордун көбү тартип коргоо органдарынын коомдук коопсуздук жана укук тартиби боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөчүлүккө байланыштуу экенин айтууда.

Административдик жазалоонун мыйзам бузууну алдын алуу функциясын күчөтүү максатында, ИИМ белгилегендей, сунушталып жаткан мыйзамга миграция эрежелерин бузган адамдарга салынуучу айыппулду көбөйтүү тууралуу нормаларды киргизүү каралууда.

Быйыл 22-мартта Москва облусунун Красногорск шаарында “Крокус Сити” борборунун 6 миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон. Төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. Кеминде 145 адамдын өмүрүн алган кол салууга шек саналып кармалгандардын көбү теги тажикстандык экени аныкталган.

Ошондон кийин Орусияда борборазиялык эмгек мигранттарына, айрыкча тажикстандыктарга талап катуулап, депортация, өлкөгө киргизбөө, куугунтукка алуу жана ар кандай басым күчөгөнүн укук коргоочулар жана алар өзүлөрү айтып жатышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG