Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:07

Украина бүгүнкү соккудан каза болгондор 33кө жеткенин билдирди, Киевде Аза күтүү күнү жарыяланды


Киев. Балдар ооруканасы.
Киев. Балдар ооруканасы.

Украина Орусиянын 8-июлдагы ракеталык чабуулдарынан каза болгондорун саны, соңку расмий маалымат боюнча, 33кө жеткенин, жараат алгандар кеминде 140 адам экенин билдирди.

Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар мекемеси маалымдагандай, каза болгондордун 22си Киевде, 11и Днепропетров облусунда.

Урандыларды тазалоо, астында калгандарды алып чыгуу иштери уланууда.

Украин бийлиги бүгүнкү кандуу соккуга, балдар ооруканасына жасалган чабуулга байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешине кайрылып, маселени талкуулоого чакырды. Жыйын 9-июлда өтөрү маалымдалды.

Азыркы тапта БУУнун Коопсуздук кеңешинде төрагалык кезеги Орусияда.

Украин аскерлери Киевдеги ооруканага Х-101 канаттуу ракетасы тийгенин, анын сыныктары далил катары чогултулганын айтып жатышат. Ал эми Орусия бул ооруканага украиндердин зениттик ракетасы тийгенин билдирүүдө, бирок далил келтире элек.

Киевдин мэри Виталий Кличко бүгүн согуш башталгандан берки "эң оор чабуулдардын бири" болгонун айтты. 9-июль Украинанын борбор калаасында Аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Өлкө президенти Владимир Зеленский «Киев, Днепр, Кривой Рог, Славянск, Краматорск. Ар кандай типтеги 40тан ашуун ракета. Үйлөр, инфраструктура жана балдар ооруканасы кыйрады. Бардык кызматтар иштеп жатат, болушунча көбүрөөк кишини сактап калуу аракети жүрүүдө», — деп жазды Telegram каналына.

Зеленский 3-июлда Днепр аймагында Орусиянын кеминде беш кишинин өмүрүн алган кезектеги ракеталык чабуулунан кийин Батышты өлкөнүн абадан коргонуу системасын бекемдөөгө, алыска жете алуучу курал-жарак жагынан жардамдашууга дагы бир жолу чакырган.

"Орусиянын бул террорун эки гана нерсе токтото алат – заманбап абадан коргонуу системалары жана биздин курал-жарагыбыздын алыскы аралыкка жетүү мүмкүнчүлүгү", - деп жазган Зеленский X (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүнө. (RK)

XS
SM
MD
LG