Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:08

8-июль: Киевде балдар ооруканасы бутага алынды, абактагы журналисттер боюнча маалымат текшерилет


Киев.
Киев.

8-июлда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

"Эң оор чабуулдардын бири"... Киевде балдар ооруканасы бутага алынды

Украина Орусиянын 8-июлдагы ракеталык чабуулдарынан каза болгондорун саны, соңку расмий маалымат боюнча, 33кө жеткенин, жараат алгандар кеминде 140 адам экенин билдирди. Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар мекемеси маалымдагандай, каза болгондордун 22си Киевде, 11и Днепропетров облусунда. Урандыларды тазалоо, астында калгандарды алып чыгуу иштери уланууда. Украин бийлиги бүгүнкү кандуу соккуга, балдар ооруканасына жасалган чабуулга байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешине кайрылып, маселени талкуулоого чакырды. Жыйын 9-июлда өтөрү маалымдалды. Азыркы тапта БУУнун Коопсуздук кеңешинде төрагалык кезеги Орусияда.

Абактагы төрт журналист тинтилгени боюнча териштирүү жүрүүдө

Жаза аткаруу кызматы Бишкектин тергөө абагында (ТИЗО-1) отурган төрт журналисттин камералары тинтилип, кийими алынганы тууралуу маалымат боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатканын билдирди. “Айт, айт десе” жана Temirov Live долбоорлорунун негиздөөчүсү Болот Темиров тергөө абагынын кызматкерлери алардын “Ак ийилет, бирок сынбайт” деген жазуусу бар футболкаларын алып коюшканын 8-июлда Фейсбуктагы баракчасына жазган. Журналисттер ошол футболкаларды 5-июлдагы сот отурумуна кийип барган. Иликтөө менен чогуу алектенген 11 журналист жана активист быйыл январда кармалган, кийин жетөө эркиндикке чыккан. Аларга “Массалык башаламандыктар” беренеси менен иш козголгон. Өзүлөрү коюлган айыпты четке кагып келишет.

Орусияга учуп барган ондогон тажик жараны аэропорттон кайра кайтты

Орусияга учуп барган тажик жарандарынын дагы бир тобу өлкөгө кире албай, артка кайтканын бүгүн 8-июлда «Азаттыктын» тажик кызматы жазды. Москвага Бохтар шаарынан учуп барган ондогон тажикстандык мигрант «Шереметьево» аэропортунда беш күн өткөргөнүн, Орусиянын аймагына кирүүгө урукстан берилбегенин өзүлөрү айтып беришти. Алардын айтымында, Москвага 3-июлда учуп барышкан, бирок чек арачылар өткөрбөй коюшкан, себебин түшүндүргөн эмес. Москвада «Крокус Сити Холл» борборунда кеминде 145 адамдын өмүрүн алган теракт боюнча кармалгандардын көбүнүн теги тажикстандык экени аныкталган. Ошондон бери тажик жарандарынын Орусияга кирүүсү кыйындады.

Бишкекте троллейбус толук алынат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Кабар” улуттук маалымат агенттигине борбордон троллейбус толук алына турганын айтты. Мэр шаардын ичи троллейбус линияларынан тазаланып, элди ташууга автобус киргизилерин кошумчалады. Муну ал троллейбус зым менен жүргөндүктөн маршрутун убактылуу өзгөртүү мүмкүн эместиги, мобилдүү эмес, тыгын жаралышына себепкер болгондугу жана троллейбуска түшкөн жүргүнчүлөр азайганы менен түшүндүрдү. Мэр шаардагы 152 троллейбустун 100ү Ош шаарына берилерин буга чейин билдирген.

"Талибан" үйдөн иштеген аялдардын айлыгын кыскартты

Ооганстанда мамлекеттик кызматта иштеп жатып, бирок бийликке талибдер келгенден кийин үйдөн иштөөгө мажбур болгон аялдардын айлык маянасы кыскарды. Кыскаруу канча пайыз болгону айтылган жок. Министрликтин өкүлү Ахмад Вали Хакмал AFP маалымат агенттигине: «Кеңсеге барып иштебеген, үйдөгү аялдардын айлык маянасы 5000 афгани (70 АКШ доллары) болот», - деп айтты. Мамлекеттик ооруканаларга же билим берүү мекемелерине барып иштөөгө уруксаты бар аялдардын маянасы кызматына жараша кадимки өлчөмдө төлөнө берет. 2021-жылдын 15-августунда "Талибан" Кабулда бийликти кайрадан басып алган. Мамлекеттик сектордо эмгектенген көптөгөн аялдарга кеңсеге барып иштөөсүнө тыюу салынган, бирок алардын аялык маянасы сакталары убада кылынган.

XS
SM
MD
LG