Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:09

Украинада бүгүнкү чабуулдан каза болгондор отузга чамалады, өлкө БУУга кайрылды


Киев. Балдар ооруканасы.
Киев. Балдар ооруканасы.

Украина Орусиянын 8-июлдагы ракеталык чабуулунан өмүрү кыйылгандар кеминде 28ге жеткенин, алардын 11и Днепропетров облусунда, 17си борбор калаа Киевде экенин билдирүүдө.

Жараат алгандар 112 киши, алардын 62си Днепропетровдо, 48и Киев шаарында жана экөө Киев облусунда.

Украин бийлиги бүгүнкү жапырт чабуулдан, анын ичинде Киевде Эне-баланы коргоо ооруканасына урулган соккудан улам Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрүүнү демилгелегенин өлкө президенти Владимир Зеленский айтты.

«Киев, Днепр, Кривой Рог, Славянск, Краматорск. Ар кандай типтеги 40тан ашуун ракета. Үйлөр, инфраструктура жана балдар ооруканасы кыйрады. Бардык кызматтар иштеп жатат, болушунча көбүрөөк кишини сактап калуу аракети жүрүүдө», — деп жазды ал Telegram каналына.

Азыркы тапта Польшада сапарда жүргөн Зеленский Батыштагы союздаштардан Орусияга каршы катаал жооп күтөрүн айтты.

«Орусиянын элибизге, жерибизге, балдарыбызга каршы кезектеги соккусу үчүн өнөктөштөрдөн көбүрөөк туруктуулукту жана күчтүү жоопту уккубуз келет эле. Биз сөзсүз түрдө Орусияга өзүбүз тараптан күчтүү жооп беребиз. Биздин өнөктөштөргө суроо, алар жооп бере алабы?», - деди ал.

Украинанын Коопсуздук кызматы балдар ооруканасына Орусиянын Х-101 ракетасы тийгенин, далилдер бар экенин, сыныктары табылганын маалымдады.

Ооруканада каза болгондордун экөө дарыгер аялдар, экөө балдар экени кабарланууда.

Киев шаардык прокуратурасынын процессуалдык жетекчилиги согуш эрежелеринин бузулушу жана атайылап адам өлтүрүү деген беренелердин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө башталганын билдирди.

Киевдин мэри Виталий Кличко бүгүн согуш башталгандан берки "эң оор чабуулдардын бири" болгонун билдирип, «Уранды астында калган адамдардын үнү угулууда. Ошолорду сактап калуу үчүн болушунча ыкчам иштегенге аракет кылып жатабыз, иш көп», - деп айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG