Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

Июнь коогасына шектелген адам кармалды


Июнь коогасынын жигердүү катышуучу деп шектелген адам. Июль, 2024-жыл.
Июнь коогасынын жигердүү катышуучу деп шектелген адам. Июль, 2024-жыл.

2010-жылкы Июнь коогасында милиция кызматкерлерин өлтүрүүгө шек саналган кыргызстандык жаран чет өлкөдө жашырынып жүргөн жеринен кармалып, алып келинди.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) сайтына жазды.

Маалыматка ылайык, 33 жаштагы Н. Х. аттуу шектүү узак убактан бери чет өлкөдө жашынып жүргөн. Ал Ош шаарында ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерин өлтүрүүгө айыпталып, издөө жарыяланган.

Шектүүнүн жашаган жерин аныктоого Москва облусунун Одинцово шаардык полициясы көмөктөшкөн.

ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) кызматкерлери Башкы прокуратуранын, КМШ өлкөлөрүндөгү уюшкан кылмыштуулукту координациялоо бюросунун жардамы менен аны кармап, мекенине алып келишкен. Учурда Н. Х. камакта.

Ички иштер министрлиги 2010-жылкы Июнь окуясын уюштурган жана жигердүү катышкандардын жашаган жерин аныктап, издеп-кармоо иштери уланып жатканын билдирди.

Быйыл июнь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2010-жылы Июнь окуясынан кийин Ошто террордук актыларды жасоого аракет кылган деп издөөдө жүргөн 40 жаштагы адам кармалганын кабарлаган.

Расмий маалыматка ылайык, 14 жыл мурда болгон Июнь окуясында 446 адам каза болуп, 2 миңге чукулу ар кандай деңгээлде жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголгон, алардын 15тен ашыгы ушул күнгө чейин табыла элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG