Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:01

Аба ырайы: Чүй, Талас, Ош, Баткенде өткүн өтөт


Чукул билдирүү: 6-12 июлдарында туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суу кирет.

7-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 17…22, күндүз 27…32;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкусүн 7…12, күндүз 22…27 градус жылыйт.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күңдүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы 18…20°, күндүз 30…32° ысыйт.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүз 21…23° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 5-июлда күндүз 21,5°, 6-июлда эртең менен 19,3° түздү.

XS
SM
MD
LG