Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:45

Бишкек-"Манас" автобустук каттамы кайра жанданды


153-автобус.
153-автобус.

Борбор калаа Бишкектен "Манас" эл аралык аэропортун көздөй №153 экспресс-автобустун каттамы жанданат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык каттам Бишкектин 12-кичи районунан чыгып, акыркы аялдамасы "Манас" аэропорту болот. Каттамга Isuzu үлгүсүндөгү 17 автобус бөлүнгөн. Автобустардын жүрүү интервалы 10-12 мүнөт.

Автобус экспресс системасында жүрөт, айрым гана аялдамаларга гана токтойт.

Салондогу отургучтардан тышкары жүргүнчү салбайт.

Автобуста жүрүү акысы - накталай 140 сом, карта менен төлөөчүлөр үчүн 122 сом.

Мэриянын маалыматында, автобустар аба муздаткыч кондиционер менен жабдылган.

Борбор калаа менен "Манас" эл аралык аэропортунун ортосунда каттаган №153 автобустук каттам аэропорт курулуп, ишке берилгенден тартып, Советтер союзу кулаганча иштеген.

Өткөн кылымдын 90-жылдары белгисиз себептерден улам каттам ишин токтоткон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG