Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:12

Киев Орусиянын дрон "толкунун" токтотуп калганын билдирди, Днепр аза күтүүдө


Украина.
Украина.

Украинанын аскердик жетекчилиги 4-июлдун таңында борбор калаа Киевге багытталган орусиялык согуштук дрондордун жаңы «толкунун» токтотуп калууга үлгүргөнүн билдирип жатышат. Адамдар жабыркаган же кыйроолор тууралуу маалымат жок.

Киевдин аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко Telegram каналына жазгандай, дрондор “ар кайсы тараптан” учурулганы аныкталды, “алардын бири да Киевдин өзүнө жеткен жок”. Таңкы саат 4тө шаар тургундарына абадан эскертүү берилди, бирок, анын айтымында, калаанын күнүмдүк жашоосуна тоскоолдук жаралган жок.

Украин аскерлери бейшембиге караган түнү өлкөнүн борбордук жана түндүк аймактарында жалпысынан Орусия учурган 22 дрондун 21ин атып түшүрүшкөнү маалымдалды.

Ал тапта Киевден дээрлик 500 чакырым аралыкта, өлкөнүн борбордук аймагында жайгашкан, согушка чейнки калкынын саны 1 миллионго чукул болгон ири шаар Днепрде бүгүн 4-июлда Аза күтүү күнү. Соңку беш күндө бул шаар үч күн бою ракеталык чабуулга кабылды. 3-июлдагы соккудан каза болгондор алты киши экенин, дагы 30 киши жараат алганын калаанын аскердик администрациясы билдирди.

Украин президенти Владимир Зеленский 3-июлда Днепр аймагындагы чабуулдан кийин Батышты өлкөнүн абадан коргонуу системасын бекемдөөгө, алыска жете алуучу курал-жарак жагынан жардамдашууга дагы бир жолу чакырды. Ал «Орусиянын күнүмдүк террорун жеңип чыгуу» үчүн «орусиялык террорчуларды жана [ракета учурган] жабдыктарын жеринде талкалоо керек» экенин айтып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG