Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:16

Жапаров: Кыргызстан палестин-израил маселесинде “эки элге эки мамлекет” принцибин колдойт


Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында. Астана, Казакстан. 3-июль, 2024-жыл.
Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында. Астана, Казакстан. 3-июль, 2024-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда, Казакстандын Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынында Ооганстандагы жана Газа секторундагы жаңжалдар тууралуу да билдирүү жасады.

Жапаров Ооганстандагы туруктуулук жана тынчтык чөлкөм үчүн да маанилүү экенин белгилеп, Кыргызстан бул өлкө менен достук мамилени өркүндөтүүгө даярдыгын кошумчалады.

“Тынчтык маселеси демекчи, Кыргыз Республикасы ошондой эле Газа секторундагы аскердик аракеттерди тез жана толук токтотуу жана гуманитардык кризисти чечүү боюнча дүйнөлүк коомчулуктун, адегенде БУУнун Коопсуздук кеңешинин аракеттерине толук кошулат. Кыргызстан БУУнун резолюциясына ылайык “эки элге эки мамлекет” принцибинин негизинде палестин-израил жаңжалын тынчтык жол менен жөнгө салууну жана саясий диалогдун башталышын кубаттайт. Мында жайкын тургундардын жана жарандык инфратүзүмдү коргоого алган аралык гуманитардык укуктун принциптерди жана нормаларды сактоонун маанилүү экендигин белгилейбиз. Кыргыз Республикасы палестин элинин өзүн-өзү аныктоого, өз мамлекетин түзүүгө жана толук кандуу мүчө катары БУУга кирүүгө болгон ажыратылгыс укугун колдойт”, – деди Садыр Жапаров жыйында.

Садыр Жапаров 2-июлда Чолпон-Ата шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушууда да Газадагы жана Украинадагы кырдаал тууралуу пикирин билдирген. Анда ал сектордогу кырдаал жөнүндө айтып жатып, “Газада он миңдеген балдардын жана аялдардын каза болушу жана ал жердеги абал адамдык жана гуманитардык укуктун бузулушу”, – деди.

Израил-палестин жаңжалынын таржымалы Израил мамлекети пайда болгон 1948-жылга чейинки доорго - Осмон империясына, британ оторчулугуна барып такалат.

1967-жылы Алты күндүк согуштан соң Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши “эки элге эки мамлекет” планын камтыган резолюция кабыл алган. Ага ылайык, Израилди 1949-жылкы чек ара менен калтырып, ал согуш маалында көзөмөлүнө алган аймакта Палестина мамлекетин түзүү сунушталган. Израилдин аймагында калган палестиндер Палестинага, Палестинанын аймагында калган еврейлер Израил тарапка өтүшү керек эле.

2023-жылы Газадагы согуш тутангандан бери "эки элге эки мамлекет" концепциясын жандандыруу чакырыктары көбөйдү. Улуттар Уюмуна мүчө 143 өлкө Палестинаны өз алдынча мамлекет деп эсептейт. Алардын арасында Кыргызстан да бар.

Согуш 2023-жылы 7-октябрда ХАМАС Израилдин аймагына кол салганда башталган. Ошол күнү 1200дөй киши өлтүрүлгөн, 250дөй кишини согушкерлер Газага барымтага алып кеткен.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин соңку маалыматына караганда, ошондон бери Израилдин чабуулдарынан 38 миңдей кишинин өмүрү кыйылды, дагы көптөгөн киши уранды астында калган болушу ыктымал. Анклавдын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү улам бир аймакка барып, качкын болуп жашоодо. Эл аралык уюмдар Газа калкын ачарчылык да тооруп турганын айтууда. Согуштун айынан Израилдин дарегине палестин калкына карата геноцид тууралуу айыптоолор айтылууда, өзү антип айтууга эч негиз жок экенин белгилеп, ХАМАСты жок кымайынча өз коопсуздугуна коркунуч сакталып тура берерин билдирүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG