Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:28

Селден жабыркаган Ноокатка Өзбекстандан 95 тонна гумжардам келди


Өзбекстандан келген гуманитардык жардам.
Өзбекстандан келген гуманитардык жардам.

Ош облусунда Ноокат районунун селден жабыр тарткан тургундарына бүгүн 3-июлда Өзбекстандан 95 тонна азык-түлүктөн турган гуманитардык жардам келди.

Анда 24 тонна ун, 12 тонна күрүч, 10 тонна кумшекер жана башка да азык-түлүк бар.

Ноокат районунун акими Жакыпбек Субакожоев «Азаттыкка» билдиргендей, жардам катары келген азык-түлүк атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен муктаж жарандарга таркатылып берилет.

Ноокат районунда 28-июнда катуу жааган жамгырдан улам 125 үйдү суу каптап, 28 үйдүн ичине суу кирген, 11 үй жараксыз абалга келген.

Жалпы 12 көпүрөнү сел алып, 19 чакырымдан ашык жолду суу каптаган.

Акыркы эки жумада Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында селден кеминде 16 адамдын өмүрү кыйылды. Ташкындаган суу мал-жандыкты агызып, ички жолдор жана көпүрөлөр жарактан чыкты.

28-июнда Ноокаттагы селде 10 адам каза тапкан, алардын сегизи жашы жете элек бала болгон.

30-июнда Кара-Кулжа районунда селге аккан автоунаада ата-энеси менен чогуу эки бала каза тапкан.

Өткөн аптанын башында Баткен облусунун Кадамжай районунда беш жаштагы бала селге агып, чарчап калган.

Андан мурдараак Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 10 жаштагы тестиер селге агып, набыт болгон.

20-апрелден 1-июлга чейин Кыргызстанда жалпысынан 236 жолу сел жүрүп, анын чыгымы 170 миллион сомдон ашканын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Буга чейин Ноокатка Казакстандан да гуманитардык жардам келген. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG