Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:42

ӨКМ кан жолдордо сел жүрүп, таш кулашы ыктымалдыгын эскертти


Боом капчыгайындагы сел. (Архивдик сүрөт)
Боом капчыгайындагы сел. (Архивдик сүрөт)

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 5-7-июль күндөрү Бишкек – Балыкчы, Бишкек – Ош, Ош – Раззаков магистралдарында сел жүрүшү ыктымалдыгын эскертти.

Министрликтин маалыматына ылайык, Бишкек – Балыкчы жолунда Боом капчыгайына, Бишкек – Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында, Ош – Раззаков унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдарында сел жүрүшү мүмкүн.

ӨКМ ошондой эле 5-7-июль күндөрү айрым автоунаа жолдорунда таш кулоо коркунучу күтүлүп жатканын да эскертип, айдоочуларды этият болууга, коопсуздук чараларын сактоого, зарыл болбосо жолго чыкпоого чакырды. Ага ылайык:

- Бишкек – Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында;
- Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133-чакырымдарында;
- Бишкек – Балыкчы жолунун Боом капчыгайына (112-128-чакырымында);
- Балыкчы – Бөкөнбаев унаа жолунун 64-117-чакырымында;
- Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5-чакырымында;
- Ош – Раззаков унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдарында сел, таш кулоо коркунучу бар.

Мекеме 3-7-июль күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел күтүлүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөрүн эскертүүдө.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG