Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон маркум Анапияевдин бир тууганы кармалды


Алманбет Анапияевдин бир тууганы, кармалган адам.
Алманбет Анапияевдин бир тууганы, кармалган адам.

“Алдамчылык” фактысы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон маркум Алманбет Анапияевдин бир тууганы А.Г.М аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кармалды.

Маалыматта айтылгандай, Анапияевдердин чоңу жергиликтүү тургундун ишенимине кирип, “ДСШ” үлгүсүндөгү көмүрдү көп өлчөмдө жана арзан баада (1 кг көмүрдүн баасыy 1,6 сомдон) сатууга убада берип, алдоо жолу менен 100 миң АКШ долларын алып кеткен. Кийин ал убадасын аткарбай, ар кандай шылтоолор менен алган акчасын кайтаруудан баш тарткан.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Атайын кызмат кармалган адамдын кылмыштуу аракеттеринен жабырлануучу тараптар болсо УКМКга, 0312 660475, 0312 626504, 0322 70009, 0997 464603 (WhatsApp) телефондору аркылуу байланышууну өтүнөт.

Кыргызстандын кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин бири атыккан Алманбет Анапияев бир топ оор кылмыштарга шектелип, 2011-жылдан бери Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн. Аны 2015-жылдын февралында Беларустун борбору Минск шаарында белгисиз бирөөлөр өлтүрүп кеткен. Анапияевдин өлүмүн Беларус менен Кыргызстандын күч органдары биргеликте иликтеген.

Маркум Алмамбет Анапияевдин бир тууган агасы Галмамат Анапияев мурдатан коомдук-саясий турмушка аралашып жүрөт. Ал 2015-жылы Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын Ош шаардык башкармалыгынын башчысы болуп турган маалда пара алууга шектелип кармалган.

2020-жылы Октябрь окуялары күчөп, Бишкекте нааразылыктар күчөп жаткан маалда Галмамат Анапияев Ош облустук администрациясына кирип барып, өзүн “элдик губернатор” деп жарыялап жиберген. Жаңы бийлик бекиген толук бекиген соң кызматтан кеткен. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG