Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:53

Токтогул атындагы мамлекеттик сый акы тууралуу жарлыкка кол коюлду


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сый акысы жөнүндө” жарлыкка кол койгону 1-июлда кабарланды.

Жарлыкка ылайык, мамлекеттик сый акы Кыргызстандын көп улуттуу маданиятын байыткан, эстетикалык жана тарбиялык чоң таасирге ээ болгон, коомго кеңири таанылган адабият жана искусство (поэзия, проза, драматургия, музыка, кино, архитектура жана скульптура, театр жана көркөм сүрөт искусствосу, радио жана телечыгармалар) жаатындагы көрүнүктүү чыгармалары үчүн Кыргызстандын жарандарына ыйгарылат.

Мамлекеттик сый акы изденүүчүлөргө президент тарабынан Токтогул атындагы мамлекеттик сый акы боюнча коомдук комиссиянын чечимине жараша, үч жылда бир жолу ыйгарылат. Сый акы төмөнкү номинациялар боюнча бирден берилет:
– Адабият;
– Көркөм сүрөт искусствосу;
– Музыкалык искусство;
– Театрдык искусство;
– Кино искусство, радио жана телекөрсөтүү;
– Архитектура жана скульптура.

Сыйлык эл алдында салтанаттуу түрдө тапшырылат. Анын ээсине Токтогул атындагы мамлекеттик сый акынын лауреаты наамы ыйгарылат, төш белги жана анын күбөлүгү тапшырылат, 1 000 000 (бир миллион) сом акчалай сыйлык төлөнөт. Сый акы бир нече адамдар тобуна ыйгарылган кезде алардын ар бирине төш белги, күбөлүк берилет, ал эми 1 млн сом акча баарына бирдей бөлүнөт.

Токтогул атындагы мамлекеттик сый акыга изденүүчүлөрдү - чыгармалардын авторлорунун жана жаратуучуларынын чыгармаларын жана эмгектерин маданият жана маалымат чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган жана чыгармачыл жамааттар көрсөтүүгө укуктуу.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG