Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:06

Түркия менен Кыргызстан консулдук мамилени талкуулады


Кыргызстандын жана Түркиянын Тышкы иштер министрлиги 1-июлда консулдук маселелер боюнча кеңешме өткөрдү.

Анкара шаарында өткөн кеңешмеде укуктук, миграциялык жана визалык чөйрөлөрдө кызматташуу маселелери талкууланып, коопсуздук жана терроризмге каршы чогуу аракеттенүү тууралуу сөз болду. Бул тууралуу Кыргызстандын ТИМи кабарлады.

Негизинен, эки мамлекет жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, алардын тараптардын аймактарында жүрүүсү жана иштөөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелери кеңири талкууланды.

"Кыргыз тарап Түркияда жүргөн Кыргызстандын жарандары үчүн жашоого уруксат алуу шарттарын либералдаштыруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Ошондой эле Түркиянын миграциялык мыйзамдарын бузган Кыргызстандын жарандарына миграциялык мунапыс боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү мүмкүнчүлүгү талкууланды",- деп жазылган маалыматта.

Кыргызстандык делегация түрк тарапка эки өлкө жарандарынын жүрүүсүнө уруксат берүүчү документтердин баасын төмөндөтүүнү жана ошондой эле ички паспортторду таануу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Мындан тышкары миграция жана айдоочулук күбөлүктөрдү да өз ара таануу боюнча документтердин долбоорлору талкууланып, бул келишимдерге кол коюу үчүн зарыл иш-чараларды эртелетүү ниетин билдирди.

Тараптар ошондой эле Консулдук мамилелер тууралуу Вена конвенциясынын, Кыргызстан-Түркия конвенциясынын ишке ашырылуусун, анын ичинде кармалган, камакка алынган же соттолгон жарандар тууралуу өз убагында кабардар кылуу, аларды консулдук кызмат менен камсыздоо бөлүгүнүн аткарылышын талкуулашты. Ошондой эле жарандык, коммерциялык жана кылмыш иштери боюнча юридикалык жардам көрсөтүүнүн алкагында кызматташуунун жолдорун сүйлөштү.

Жыйынга Кыргызстан тараптан тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев жетектеген делегация, Түркиядагы элчи Руслан Казакбаев катышты. Түркиянын делегациясын түрк тышкы иштер министринин орун басары Ясин Экрем Серим жетектеди.

ТИМдин быйылкы биринчи кварталга карата берген маалыматына ылайык, Түркияда 40 миңдей кыргызстандык жашап, иштейт. Мекеме кыргыз мигранттарынын саны 2022-жылкы көрсөткүчтөн кыйла азайганын билдирген. 2022-жылы Түркияда 62,2 миң кыргызстандык жаран консулдук каттоодо турган. Бир жарым жылда бул өлкөдөн 20 миңден ашуун киши чыгып кеткен. Буга Түркияда миграциялык мыйзамдар катаалдашканы, айлык акынын азайганы себеп болгонун мигранттар "Азаттыкка" билдиришкен. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG