Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:03

Украина бир нече аймагы Орусиянын соккусуна кабылганын билдирди


Украина.
Украина.

Украинада Орусиянын чабуулдарынан дагы бир нече киши жараат алганын, алардын айрымдарын сактап калууга мүмкүн болбогонун бүгүн 1-июлда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Донецк облустук аскердик администрациясынын башчысы Вадим Филашкиндин айтымында, Украинск шаарында дүйшөмбү күнкү эртең мененки аткылоодон кеминде эки өмүр кыйылды, алар 65 жана 70 жаштагы аялдар экени аныкталды, дагы сегиз киши жараат алды. Сокку «Ураган» реактивдүү системасынан урулду. Үйлөр жана административдик имараттар талкаланды.

Ушул эле облустун Цукурино шаарына кечээ кечинде чабуул жасалып, алты киши жараат алган.

Өлкө түштүгүндөгү Вольнянск шаарында жекшембиге караган түндөгү соккунун кесепетин жоюу иштери уланууда. Бул шаарда кеминде жети кишинин өмүрү кыйылган, 31 киши жараат алган.

“Элдин баары жардам берди, жарадарларды машиналарга жүктөп, мен аларды машинам менен алып чыктым. Абдан өкүнүчтүү”, - деди өзүн Андрей деп тааныштырган жергиликтүү тургун.

Днепр шаарында дүйшөмбүгө караган түнү жети киши жараат алганы, арасында балдар бар экени, бир нече имарат кыйраганы кабарланды. Айрым Телеграм-каналдар кеминде эки жерде жарылуу болгонун жазышты.

Ал эми Киев облусуна 30-июнда жасалган ракеталык чабуулдан үч киши жараат алды, алардын бири кичине бала экени маалымдалды.

1-июлга карата Украинада Орусия ачкан согуштан бери өмүрү кыйылган балдар кеминде 555ке, жарадарлар 1420га жеткенин өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.

Фронт тилкесинде соңку суткада жалпысынан 142 кагылыш болгонун, алардын эң көбү Покровск багытында катталганын Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы жазды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG