Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Тажикстан "жол ачкандардын" жолун жапканы жатат


Тажикстанда көзү ачыктык, бүбү-бакшылык кылгандарга тыюу күчөтүлүп, андай иш менен шугулдангандарды жети жылга чейин абакка кесүү боюнча мыйзам долбоору каралууда.

Өлкөнүн дин иштери боюнча комитети ишин иликтөө өтүнүчү менен 200 чакты төлгөчүнүн тизмесин укук коргоо органдарына өткөрүп берди.

Төлгөчүлөрдү "төпөштөчү" мыйзам

Тажик парламентинин депутаттары Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизип, төлгөчүлүк менен алектенгендерди жети жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштаган долбоорду караганы жатат. Мыйзам долбоорун президент Рахмондун администрациясы сунуштаган.

Азыркы тажик мыйзамдарына ылайык, төлгөчүлүк кылгандарга тек гана акчалай айып салынат. АКШ долларына айлантканда анын жогорку өлчөмү 500 долларга тете. Орточо айлык 110 доллардай болгон Борбор Азиянын бул кедей өлкөсү үчүн мындай өлчөм оголе дурус сумма эсептелет. Тажикстанда 2007-жылга чейин көзү ачыктык кылууга эч кандай тыюу, же чектөө болгон эмес.

Бирок акчалай айып салууга карабай өлкөдө бул ишмердик мурдагыдай эле кадырлуу жана кирешелүү бойдон калууда. "Бактыңды, же жолуңду ачам, жоготкон буюмуңду таап берем" деген көзү ачык менен төлгөчүлөрдүн эшигинде узун кезек күткөндөр дале толтура. Алардын бири экинчи аял алгысы келген күйөөсүн андай ниеттен кайтаргысы келсе, дагы бири күйөөгө чыкпай отуруп калган "кара далы" кызынын багын ачтырууну каалайт. Дагы бирлери бизнестен жолдуу болгусу келет.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комитет акыркы убакта өлкө түндүгүндөгү Согду облусунда эле жалгыздап иш жүргүзгөн 179 төлгөчү катталганын билдирди. Комитеттин аталган облустагы бөлүмүнүн башчысы Сухроб Рустамов аларга айып салынып, бул ишин токтотуу талап кылынганын белгиледи:

- Бул 179 көзү ачык азыр ишмердигин токтотту. Себеби мындай ишмердик мыйзамга каршы.

Мусулман өлкөлөрүндө молдолор менен дин ишмерлери көзү ачыктарга баруу туура эместигин, ислам дини буга караманча-каршы экенин айтып келет. Согду облустук уламалар кеңешинин башчысы Хусейин ажы Мусозода бүбү-бакшыларга диний жактан сабатсыз адамдар гана барарын айтып, алардын ишин Тажикстандагы салык төлөбөгөн ишмердик деп баалаган.

Көзү ачыктарга каттагандар алар кызматы үчүн экиден он долларга чейин акча аларын, бирок жасаган ишине жараша кызматын бир канча жүз долларга чейин баалагандары да бар экенин белгилешет.

Хожент шаарынын бир тургуну, Мавзуна аттуу аял 24-30 жаш арасындагы отуруп калган үч кызы турмушка чыгып, бактысын тапса деген тилек менен бир бакшыга 30 доллар төлөгөнүн, эми анын айтканын жасап коюп, жуучу күтүп, жол карап отурганын айтат. Көзү ачык ага жумуртка берип, аны дарыяга ыргытып жиберүүнү буйруптур.

Мындан сырткары дубаланган темир ачкычты дарыяга ыргыттыруу тажик көзү ачык, бүбү-бакшыларынын арасында кеңири жайылган тажрыйба. Өткөн июлда жергиликтүү бийликтер суу бөлүштүргүч жайдан мындай ачкычтар чакалап табылганын билдирип, ал ошол жердеги жабдыктардын иштешине тоскоолдук жаратып жатканына тынчсызданган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Хайриддин Абдурахимов Дүйшөмбү дарыясынын нугунан топтолуп калган жарым араба темир ачкыч табылганын, аны жоголгон курал-жарак издеген полиция кокусунан таап алганын айтат.

Алдамчылык менен жуурулушкан бакшылык

Көзү ачык, бакшылар буга чейин ишмердиги үчүн жазаланбаса да алдамчылык үчүн айыпталган учурлар болуп келген. Маселен Канибадам шаарынын 26 жаштагы тургуну Шахноза Юнусова жакында эле 8 жылга кесилди. Соттогу сөзгө караганда, ал жергиликтүү бир тургундун абактагы уулун эрте бошотуп алуу үчүн тиешелүү адамдарга пара катары берем деген 6 миң долларын "менин үйүмө бир түнгө таштап, анан алып барсаң ишиң дароо оңунан чыгат", - деп көндүргөн. Бирок эртеси күнү ал акчаны жоготуп койдум деп, каратып туруп эле бербей койгон.

Хожентте бир кездери аты дүң болуп, туш тараптан адамдар агылып келип турган Назира аттуу көзү ачык тыюу салынгандан тарта бул ишин токтотконун, азыр тек гана жакындары үчүн төлгө саларын айтат:

- Мен бул ишти акча табуу үчүн жасабайм. Психикалык жактан ооруп калганым үчүн гана муну моюнга алгам. Азыр ооруп калбаш үчүн гана бул ишти жасап турам.

Назира бакшылык менен 20 жылдай убакыт шугулданган экен

Тажикстанда эми жаңы мыйзам кабыл алынса көрүнө көзү ачыктык, бакшылык кылып, төлгө тарткандардын иши кан буугандай токточудай. Жогоруда белгилегендей, мындай ишмердик кылгандарга жети жылга чейинки абак жазасын берүү каралууда.

Кошуна Тажикстандан айырмаланып, Кыргызстанда көзү ачыктык кылганга эч кандай тыюу да, чектөө да жок. А түгүл андай "касиети" барлар медиа аркылуу да өзүн каалагандай жарнактап келет.

Кыргызстанда өзгөчө шайлоо өнөктүгү учурунда көзү ачыктар менен бүбү-бакшылардын күнү тууйт. Айрым эксперттер өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо бүбү-бакшылардын кызматы шайлоо технологиясынын бир бөлүгүнө айланганын айтып чыгышкан. Шайлоо маалында жолун ачтыруу үчүн көзү ачыктарга байма-бай каттаган талапкерлер тууралуу эл арасында кеп-сөз болгон учурлар да көп. Жада калса өткөн бийликтердин тушунда көзү ачыктар Ак үйдү айланчыктап, бийликте турган саясатчылар алардын кызматынан пайдаланып турганы да айтылып келет.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG