Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:00

АКШ Киевге Орусияны аткылоого уруксат бердиби? Москва "от менен ойнобоону" эскертти


Зеленский, Байден жана Путин. Коллаж
Зеленский, Байден жана Путин. Коллаж

АКШ президенти Жо Байден Киевге америкалык курал менен Орусияга, тактап айтканда Харьков облусуна жакын жайгашкан гана аймагына сокку урууга уруксат берди. Бул тууралуу америкалык маалымат каражаттары 30-майда жазды. Буга чейин Москва Батышты "от менен ойнобоого" чакырган.

АКШ маалымат каражаттары өз булактарына таянуу менен президент Жо Байден америкалык курал менен Харьков шаарын коргоо максатында Орусиянын аймагына сокку урууга уруксат берди. Мындай кадам Киев өз армиясына чабуулдардан коргонуу үчүн Орусиянын аймагына сокку урууга уруксат берүүнү өтүнүп жаткан маалда жасалды.

Буга чейин НАТОго мүчө бир катар мамлекеттер, анын ичинде Чехия, Швеция, Франция жана башкалар алар берген курал менен Киевге Орусиянын аймагына чабуул коюуга уруксат беришкен эле. Азырынча Ак үй жана Киев расмий билдирүү жасай элек.

Орусиянын аймагына Батыштын курал-жабдыгы менен сокку урууга баары эле макул эмес. Маселен, Германия менен Италиянын бийликтери каршы экенин билдиришкен.

“Кашык каныбыз калгыча согушабыз”

Айыгышкан салгылаш жүрүп жаткан Харьков облусу. 57-бригаданын артиллериялык бөлүмүнүн жоокери 27 жаштагы Алексейдин айтымында, аларды учурда баарынан дагы курал-жабдыктын жетишсиздиги тынчсыздандырат.

“Бир кезде күнүнө 80дей снаряд колдонгон учурлар болду. Колубуз чарчап, өзүбүз түнү менен аткылап чыкканда чарчап калчубуз. Азыр орус армиясынын чабуулдары күчөп баратат. Аларда бизди аткылай турган курал бар. Биз бул жерде жашырынып жаткандан көрө мурдагыдай чарчаганыбыз жакшы эле. Аларга жооп кайтаралы десек да эч нерсебиз жок”, - дейт Алексей.

АКШ март айында бөлгөн 60 миллиард долларлык курал-жабдык фронтко жете элек. Орус армиясы соңку жумаларда согуш майданында бир катар ийгиликтерге жетип, алдыга жыла алды.

Согуш талаасындагы украиналык аскер. Иллюстрациялык сүрөт. 6-март, 2024-жыл.
Согуш талаасындагы украиналык аскер. Иллюстрациялык сүрөт. 6-март, 2024-жыл.

Соңку маалыматтарга караганда орус армиясы Харьков облусундагы Стрелка-Липцы жана Волчанск калктуу конуштарынын айланасында аскерлеринин санын көбөйтүүдө. Бул тууралуу Украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы командачысы Александр Сырский 30-майдын таңында жазды. Мындай маалымат менен буга чейин Харьков облусунун губернатору Олег Синегубов да бөлүшкөн. Анын айтуусунда, Волчанск шаарынын көчөлөрүндө айыгышкан кармаш жүрүп жатат.

Орус күчтөрү Харьков облусундагы чабуулдарын 10-майдан тартып күчөткөн. Андан бери бир нече айылды өз карамагына алууга жетишти. Ошентсе да украиналык аскерлер ар бир карыш жер үчүн согушууга даяр. Алардын бири балдарынын келечеги үчүн күрөшүп жатканын айтууда.

“Биз өз жолубузду, өз эгемендигибизди тандадык жана ал үчүн күрөшөбүз. Кийин балдарыбыз эмес, азыр биз кашык каныбыз калгыча согушуп, душманды жеңгенибиз туура деп эсептейм. Аймагыбызды гана басып алып эмес, өзүбүздү жок кылууну эңсеген душман менен согушуп жатабыз. Ушуну түшүнүп аягына чейин турушубуз керек”,- дейт Егерь атуу каймана аты менен белгилүү аскер Рейтер агенттигине курган маегинде.

Согуш талаасындагы украиналык аскерлер. 22-март, 2024-жыл.
Согуш талаасындагы украиналык аскерлер. 22-март, 2024-жыл.

Батыш куралын Орусияга сокку урууга колдонууга Киевге уруксат береби?

Украинанын президенти Владимир Зеленский Батыштагы өнөктөштөрүнөн тынбай жардам сурап келет. Мындан улам НАТОго мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү 30-майда Чехиянын баш калаасына эки күндүк жыйынга чогулду. Ал жакка АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да барды. Жогорку даражалуу өкүлдөр Украинага жаңы жардам берүү маселесин талкуулашары маалым. Эксперттердин божомолуна караганда, күн тартибине Батыш берген курал-жабдык менен Орусиянын аймагына сокку урууга Киевге уруксат берүү маселеси да чыгышы ыктымал.

Бир нече күн мурда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг The Economist басылмасына курган маегинде Батыш мамлекеттери өзүлөрү берген курал менен Орусиядагы аскердик жайларды бутага алууга уруксат бериши керек экенин айткан. Көп өтпөй Софияда өткөн НАТОнун Парламенттик ассамблеясынын жыйынынын катышуучулары батыш курал-жабдыгын колдонууда киргизилген чектөөлөрдү алууга чакырган резолюция кабыл алышты.

Столтенберг фронттогу оор кырдаалды эске салып, Батыштын чектөөлөрү “украиналыктардын колун байлап турганын” кошумчалады.

Баш катчыга Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел дагы кошулду. Анын айтымында, мындай чечим абдан зарыл жана маанилүү болуп турат.

Чечимди Франциянын президенти Эммануэл Макрон да колдойт.

“Биз аларга ракеталар учурулуп жаткан аскердик объектилерди жок кылууга мүмкүнчүлүк беришибиз керек деп эсептейм”,-деди Макрон Германиядагы сапары маалында.

29-майда ушундай эле пикирин Финляндиянын тышкы иштер министри Элина Валтонен билдирди. Uusi Suomi басылмасында жарыяланган маегинде ал Хельсинки берген курал менен украин аскерлери Орусияга чабуул койсо болорун айткан. Ал ошону менен катар Киев муну эл аралык мыйзамдарга шайкеш ишке ашырарына үмүт кыларын кошумчалады. Чехия дагы каршы эмес экенин 30-майда билдирди.

Финлияндиянын тышкы иштер министри Элина Валтонен. 22-май, 2024-жыл.
Финлияндиянын тышкы иштер министри Элина Валтонен. 22-май, 2024-жыл.

Азырынча Германия, Италия жана АКШ мындай кадамга каршы. Италиянын өкмөт башчысы Жоржия Мелони этият болууга чакырды. Ал эми Американын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин координатору Жон Кирби: “биз АКШ берген курал-жабдыкты Орусиянын аймагына сокку урууга жол бербейбиз жана жактабайбыз” деди.

Маалым болгондой, Ак үйдө учурда бул чектөөнү бир жеңилдетүү боюнча талкуулар көтөрүлүп жатат. The New York Times жазгандай, мындай демилгени АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Киевге барып келгенден кийин сунуштаган. Басылманын булактары Блинкендин позициясынын өзгөрүшүнө орус күчтөрүнүн Харьковдогу чабуулдары түрткү болгон.

Орусия “от менен ойнобоогочакырды

Орусиянын бийлиги Батышты от менен ойнобоону эскертти. Ташкенттеги сапары маалында президент Владимир Путин Орусиянын аймагына сокку урулса. дүйнөлүк жаңжал тутанышы мүмкүн экенин айтты.

НАТОго мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү, өзгөчө Европада, өзгөчө чакан мамлекеттер эмне менен ойноп жатканын билиши керек. Алар аймагы чакан болгону менен калкы жыш жайгашкан өлкөлөр экенин эстен чыгарбашы зарыл. Алар Орусиянын аймагына чабуул коюу тууралуу сөз кылардан мурда бул нерсени ар дайым эстеп турушу керек. Бул олуттуу нерселер, биз албетте тыкыр көз салып, байкоо жүргүзүп жатабыз”, - деди Путин 28-майда Ташкенттеги сапары маалында.

Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын президенти Владимир Путин.

Москва Украинага согуш ачканы Орусиянын аймагына дрондор менен соккулар тынбай урулуп келет. Алтургай апрель айынын башында дрондордун чабуулуна Украинадан 1200 чакырым алыстыктагы Татарстандагы дрон чогулткан завод да кабылган. Москва бул кол салууларды Киевден көрүп келет. Украин бийлиги Орусиянын аймагындагы окуяларга расмий комментарий бербейт. Ал эми чек арага чектеш жайгашкан Белгород облусу дээрлик күн сайын аткылоолорго дуушар болууда.

30-майда аймак губернатору Вячеслав Гладков дрондордун чабуулунан эки киши жабыркаганын билдирди. Ошол эле маалда аннексияланган Крым ракеталар менен аткыланып, эки паром жабыркаганы кабарланды. Орусиянын Коргоо министри Азов деңизинин үстүнөн ракеталар жана дрондор кулатылганын билдирди.

Орусиянын армиясы Украинанын аймагына сокку урууну улантып жатат. 30-майга караган түнү канаттуу ракеталар жана "жанкечти" дрондор менен чабуул койгонун украин Куралдуу күчтөрү билдирди. Алардын көбү абадан атып түшүрүлгөнү маалым болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG