Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:00

Рамзан Кадыров уулу катышкан жыйын тууралуу видео жарыялады


Адам Кадыров.
Адам Кадыров.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров уулу Адам жол кырсыгына кабылганы тууралуу маалыматтар тарап жаткан чакта баласы катышкан жыйындын видеосун Телеграм каналына жарыялады. Анда иш-чара аймактын күч кызматкерлеринин катышуусунда өткөнүн, Адам Кадыровго кезектеги дагы бир медал тапшырылып жатканын көрүүгө болот.

“Кавказ.Реалии” сайты бул видео 15-январда, жол кырсыгы болду дегенге чейин бир күн мурда тартылганы аныкталган жазды.

NIYSO оппозициялык кыймылы Кадыровдун тарапташтары бул жыйындын видеолорун 15-январда эле жарыялашканын белгиледи.

Буга чейин Адам Кадыров жол кырсыгына кабылып, Москвага жеткирилгени тууралуу маалыматтар чыккан. Ага ылайык, кырсык борбор калаа Грозныйда 16-январда болгон, Адам Кадыровдон башка да бир нече киши жараат алган. Алар кортеж болуп өтө катуу ылдамдыкта баратып, 18 жаштагы Адам айдаган машина тосмону сүзгөнү маалымдалган.

Соңку кабарларда айтылгандай, ооруканага эс-учун жоготкон, оор абалда түшкөн Адам Кадыров эсине келди, дарыгерлер анын өмүрүнө коркунуч жок экенин билдирип жатышат.

Кырсыктан жараат алгандардын баарын адегенде Грозныйдагы республикалык ооруканага жаткырышкан, канча киши экени, алардын жарааты тууралуу так маалымат жок.

Рамзан Кадыров жана мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары бул кабарды азырынча төгүндөп же бышыктай элек.

Адам Кадыров 15 жашында абакта жаткан кишиге зомбулук көрсөткөн окуядан кийин кеңири таанымал болгон. Атасы Рамзан Кадыров Telegram каналына окуянын видеосун жарыялаган, кийин ал уулуна Чеченстандын баатыры деген наам ыйгарып, ошол адамды "өлтүрүп койсо деле жакшы болмогун" айткан. Ага Чеченстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы, Ички иштер министрлигинин куратору деген кызматтар берилген.

Эки жыл мурда "Проект" басылмасы Кадыровдор Чеченстанда бийликке ФСБнын жана кылмыштуу топтун ортомчулугу менен келгенин иликтеп чыккан. Иликтөө “Киши өлтүрүүлөр, жашы жете электердин гареми жана Рамзан Кадыровдун мураскорлорунун сыры” деп аталат.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG