Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:24

АКШ: ICE рейди учурунда өлүм катталган аймак жетекчилиги боюнча териштирүү жүрүүдө


Миннесота, 8-январда тартылган сүрөт.
Миннесота, 8-январда тартылган сүрөт.

АКШнын Юстиция министрлиги Миннесота штатынын губернатору Тим Уолцко жана Миннеаполистин мэри Жейкоб Фрейге карата териштирүү жүргүзө баштаганын, алар иммиграциялык полициянын (ICE) ишине тоскоолдук жаратуу максатында ич ара сүйлөшүп алып аракет көрүшкөн деп шектелип жатканын 16-январда өз булактарына таянып америкалык CBS телеканалы кабарлады.

Маалыматка караганда, алар Миннеаполис шаарында федералдык иммиграция кызматкери атып салган 37 жаштагы Рене Никол Гуддун өлүмүнөн кийин ICE агенттеринин дарегине эл алдында туура эмес сүйлөгөн деп айыпталууда.

Жейкоб Фрей бул иликтөөнү басым аракети деп атады жана анын мэр катары милдети шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоо экенин айтты.

Уолц, өз кезегинде, X социалдык түйүнүнө сот системасын саясий оппоненттерге каршы колдонуу авторитардык жорук экенин белгилеп, Рене Гуддун өлүмүнөн кийин эч кандай чара көрүлбөй жаткан жалгыз киши аны аткан агент экенин кошумчалады.

Ал тапта федералдык округдук судья Кэтрин Менендес Миннесотага жөнөтүлгөн ICE агенттеринин иш аракетин чектей турган токтом чыгарды. Ага ылайык, иммиграциялык полиция тынч демонстранттарды кармоого, аларга каршы атайын каражаттарды колдонууга, машиналарды эгер орчундуу шек болбосо токтотууга укугу жок.

Бул аймакта нааразылыктын жаралышына 7-январда Миннеаполис шаарында мыйзамсыз мигранттарга каршы рейд учурунда америкалык жаран Рене Никол Гудду ICE агенти атып салган окуя себеп болгон.

Ошондон кийин АКШнын бир нече шаарында нааразылык акциялары өткөн.

Федералдык бийлик аял машинеси менен коюп кетерде кызматкер өзүн коргоо үчүн ок чыгарган деп билдирүүдө. Бирок ошол жерден тартылган айрым видеолорду жүктөгөндөр аял эч кандай коркунуч жаратпаганын айтышкан.

Миннеаполистин мэри ICE агенттеринен "бул шаардан чыгып кеткиле" деп талап кылып, алардын иш аракети жергиликтүү тургундардын коопсуздугуна коркунуч жаратып жатканын айткан болчу. (RK)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG