Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:43

“Путин Украинада узакка согушууну көздөйт." Белоусов эмнени өзгөртөт?


Сергей Шойгу, Владимир Путин жана Андрей Белоусов. Коллаж.
Сергей Шойгу, Владимир Путин жана Андрей Белоусов. Коллаж.

Белоусовдун Орусиянын коргоо министри болуп дайындалышы Украинадагы согушка кандай таасирин тийгизет? Путиндин жакын досу деп саналган Шойгунун тагдыры эмне болот?

Орусиянын президенти Владимир Путин кезектеги президенттик мөөнөтүнө киришкенден кийин өкмөттө өзгөрүүлөр болорун байкоочулар белгилеп жатышкан. Анткен менен Сергей Шойгунун ордуна Коргоо министрлигинин башына экономист Андрей Белоусовдун келиши көптөр үчүн күтүүсүз болду. Кремль мунун себебин аскердик экономиканы жөнгө салуу маселесин менен түшүндүргөнү менен эксперттер башкача пикирде. Путиндин мындай кадамга барышынын себеби эмнеде?

Орусия Украинага кеңири масштабдагы согуш ачкандан тарта эле Коргоо министри Сергей Шойгунун кызматтан кетиши тууралуу имиштер утур-утур чыгып келген. Өзгөчө мындай кептер 2023-жылдын биринчи жарымында, Шойгу менен “Вагнер” менчик аскердик компаниясынын жетекчиси, маркум Евгений Пригожиндин ортосундагы пикир келишпестиктер ачыкка чыга баштаганда күчөгөн.

Экөөнүн талашы жалданма аскерлердин башчысы ишке ашпай калган куралдуу козголоң уюштуруп, көп өтпөй табышмактуу авиакатастрофада көз жумгандан кийин өзүнөн өзү чечилет.

Путиндин кезектеги инаугурациясынын алдында дагы орусиялык элитанын жана саясат талдоочулардын арасында Шойгунун отставкасы тууралуу сөз козголо баштаган. Алардын пикиринде буга коргоо министринин орун басары Тимур Ивановдун коррупцияга шек саналып камалышы дагы түрткү болду.

“Путиндин инаугурациясына Шойгу тепкичтен биринчилерден болуп көтөрүлгөн. Кремлинологдор демек баары жайында экенин айтышмак, анткени 2022-жылкы ишке ашпай калган максаттардан кийин фронттогу кырдаал кандайдыр бир деңгээлде турукташып калган. Бирок эч нерсе унутулбайт. Козголоң эстен чыккан жок. Тимур Ивановдун иши, аскердик блогерлердин нааразычылыгы, коргоо министрлигиндеги акча уурдамай унутулган жок”, - деп жазды Телеграм-каналына журналист Александр Баунов.

68 жаштагы Шойгу Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындалды. Айрым эксперттер Путиндин жакын досу катары саналган саясатчы үчүн бул карьералык тепкичтен ылдыйлоо дешсе, башкалары тескерисинче президентке жакын болот деген ойдо.

“Коопсуздук кеңеши - бул ардактуу кызмат, бирок такыр эле пенсияга чыкты дегенди билдирбейт. Ошол себептен Патрушев таасирдүү болуп келатты. Шойгунун дагы кызыктуу функциялары жана мүмкүнчүлүктөрү болот”,- деди саясат таануучу Федор Крашенников “Новая газета Европа” басылмасына.

Шойгу Коргоо министрлигин 12 жыл жетектеди. Соңку мезгилде Украинадагы согушка байланыштуу Орусиядагы кремлчил күчтөрдүн жана пропагандачылардын арасында Шойгунун дарегине сын айткандар көбөйгөн.

Эмне себептен Путин мындай кадамга барды?

Министрлер кабинетиндеги мындай олуттуу өзгөрүүлөр Путин үчүн кыйла сейрек кадам.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Шойгунун ордуна экономист Андрей Белоусовдун дайындалышынын себебин эки жагдай менен түшүндүрдү. Анын айтымында, биринчиден, аскердик экономиканы жөнгө салуу керек.

“Азыр инновацияларга ачык мамлекеттер, тактап айтканда тиги же бул программаны ыкчам ишке киргизүүгө ашыккандар согуш талаасында жеңет. Ошондуктан президент азыркы учурда Коргоо министрлигин жарандык расмий адамдардын бири башкарсын деп чечкени туура эле”,-деп Песков экинчи себебин түшүндүрдү.

Ал эми саясат таануучулар, серепчилердин көбүнүн пикири бул боюнча бирдей эле: Путин Украинада узак жылдарга согушуп, Батыш менен конфронтрацияны тереңдетүүнү көздөйт.

“Орусиянын аскердик бюджети көп эсе өстү. Ал мамлекеттик бюжеттин төрттөн үч бөлүгүн чапчыды. Дагы өсөрү күтүлүүдө. Путин дагы узак жылдарга согушууну жана өлкөнү милитаризациялоону көздөйт. Мындан улам аскердик бюджетти көзөмөлдөгөн Путиндин көздөй кишиси керек",-деп эксперт Иван Преображенский Х социалдык түйүнүнө жазды.

2024-жылдын бюжетинде “улуттук коргонуу” жана “улуттук коопсуздукка” жалпы 13 триллион рубль салынган. Бул федералдык бюжеттин чыгашасынын 40% же ички дүң өндүрүмдүн 7,6% дегенди билдирет. Преображенский кошумчалагандай, Путин өзү де факто коргоо министри болуп, өзү чечим кабыл алып калгысы келет.

Журналист Александр Баумандын пикиринде, экономикалык блок фронтко караганда кыйла жакшыраак натыйжа көрсөттү.

“Коргоо министрлигинин башына сарайдагы экономисттердин бирин дайындоо менен Путин согушту заводдордо жана эл аралык базарларда жеңүүнү көздөп жатканынан кабар берет. Бир жагынан бул логикалык жактан туура, себеби экономикалык блок согушта фронтко караганда натыйжалуурактай болду", - дейт ал.

Белоусовдун дайындалышы менен эмне өзгөрөт?

Британиялык саясат таануучу Марк Галеоттинин жазышынча, Белоусов күтүүсүз бирок логикалык жактан алганда мыкты тандоо. Себеби, ал иштерман, өкмөттүк иште терең тажрыйбасы бар экономист. Анын эсебинде, "Путиндин Орусиясы" Украина менен согушту улантууга жана Батыш менен конфронтацияны күчөтүүгө даяр болгондуктан Белоусовдун тажрыбайсы экономиканы аскердик экономикага айлантуу маселесинде чечүүчү мааниге ээ.

“Ал Путин менен иштеген, президент ага ишенет. Путин аскердик тажрыйбасы жок адамды шайлады деп айрымдар айтышы мүмкүн. Соңку жылдары бул кызматты ээлегендердин баарынын эле аскердик тажрыйбасы болгон жок. Батышта деле ушундай. Согуш маалында коргоо министри армияны тийиштүү адамдар жана техника, курал-жабдык менен камсыздап турчу администратордун ролун аткарат”, - деди Галеотти “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна курган маегинде.

"Медуза" басылмасы Белоусовдун жакындарына таянып, ал негизинен коррупцияга аралашпаган аткаминер катары мүнөздөлөрүн жазды. Анын аты эч качан жемкорлукка каршы иликтөөлөрдө, ызы-чууларда чыккан эмес.

65 жаштагы Белоусов ушул күнгө чейин Орусия өкмөтүнүн биринчи вице-премьери болуп иштеп жаткан. Аны экономикалык блок боюнча куратор деп айтып келишкен.

Орусиянын жаңы коргоо министри Андрей Белоусов. 9-май, 2022-жыл.
Орусиянын жаңы коргоо министри Андрей Белоусов. 9-май, 2022-жыл.

"Путин аскердик бюжетти мамлекеттик бюжеттен бөлүп карайт. Каржы министрлиги эми ал жакка кийлигише албайт. Путин аны жеке тейлейт. Экинчиден, Белоусовдун эч кандай жеке аскердик амбициясы жок. Ага Шойгу кыялдангандай, маршал чини кереги жок. Андыктан Белоусов Путинге аскерлер менен ойноп, генералдарга буйрук берүүгө жана Пески айылын алууну жеке көзөмөлдөөгө тоскоол болбойт",-деп жазды Преображенский.

Марк Галеоттинин айтымында, Белоусовдун дайындалышынын Украинадагы согушка да таасири тийиши мүмкүн. Себеби ал Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовдун ордуна башка адамды коюуну көздөшү ыктымал.

"Бул Украина үчүн анчейин жакшы кабар эмес. Анткени бул кызматка өз ишин мыкты билген адамдар келип калышы мүмкүн. Анын ичинде генерал-полковник Михаил Теплинский, ошондой эле кызмат күтүп отурган Сергей Суровикин дегендей", - дейт Галеотти.

Ал эми Орусияга байланыштуу коопсуздук жана коргонуу маселелерин иликтеп келген RAND корпорациясынын улук кызматкери Дара Массикот билдиргендей, Белоусов бул кызматта көп деле отурбашы мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG