Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:28

Украина Харьковду алдырабы?


Волчанск шаарындагы украин аскеринин артындагы үй орус күчтөрүнүн аба соккусунан өрттөнүп жатат.
Волчанск шаарындагы украин аскеринин артындагы үй орус күчтөрүнүн аба соккусунан өрттөнүп жатат.

Украин армиясы Волчанск шаарынын аймагынан аскерлерин аман сактап калуу үчүн "башка позицияларга өткөрүлгөнүн" билдирди. Ал арада орус күчтөрү калаага киргени кабарланды. Орус армиясы Волчанск шаарына чабуулун 10-майда күчөткөн.

Орус армиясы украиндердин коргонуусун эмне үчүн тез жырып өтө алды? Орус күчтөрү Харьков облусунда көзөмөл орнотууну көздөйбү? Майдандагы кырдаалдын оорлошунун себеби эмнеде?

Волчанск шаары Харьков облусунун түндүгүндө, Орусия менен чек арадан беш чакырым гана жерде жайгашкан. Согушка байкоо жүргүзүп келаткан DeepState долбоорунун маалыматына ылайык, орус аскерлери калаанын тегерек четиндеги позицияларын бекемдөөгө аракеттенүүдө. Ал эми 14-майдын кечинде айрым телеграм каналдар калаанын көчөлөрүндө орус аскерлери жүргөн видеолорду жарыялашты. Ошол эле маалда украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы аскерлердин "өмүрүн сактап калуу" үчүн башка позицияларга жылдырылганын билдирди. Аскердик эксперттер муну чегинүү катары мүнөздөшөт.

Орус армиясы 10-майдан баштап беш күндө калааны урандыга айлантты. Аймактан соңку күндөрү 7 жарым миңдей тургун коопсуз жактарга көчүрүлгөнүн Харьков облусунун жетекчилиги билдирди.

Украинанын аскердик жетекчилиги абал туруктуу экенин жана орус күчтөрүнүн чабуулу бир аз солгундаганын 15-майда кабарлады.

Анткен менен президент Владимир Зеленский майдандагы кырдаалдан улам Испания менен Португалияга сапарын токтотуп, шаршембиде чукул жыйын өткөргөнү маалым болду.

Мамлекет башчынын маалымат катчысы Сергей Никифоров сөз болуп жаткан аймакка "кошумча резервдик күчтөр жөнөтүлөрүн" жазды.

Коопсуз аймактарга көчүрүлүп жаткан Волчанск шаарынын тургундары.12-май, 2024-жыл.
Коопсуз аймактарга көчүрүлүп жаткан Волчанск шаарынын тургундары.12-май, 2024-жыл.

Коргонуу жетиштүү деңгээлде болгон эмеспи?

Орусиянын армиясы Волчанскиге жеткичекти бир нече айылды өз карамагына алганын билдирген. Бир катар аскердик эксперттер жана блогерлер украиндердин коргонууну жетиштүү деңгээлде бекемдебегенине көңүл буруп жатышат.

Тактап айтканда, миналанган талаалар, танктарга каршы казылган арыктар жана цементтен куюлган "ажыдаардын тиштери" деген тоскоолдуктар даярдалып, артиллерия менен корголгон эмес.

"Цензор.нет" басылмасынын башкы редактору, майдан тилкесине барган украиналык журналист Юрий Бутусов дагы бул маалыматты ырастап,"шаарда жана анын тегерек четинде эч кандай коргонуу каражаттары курулбаганын" айтты.

Андан мурда украин армиясынын чалгын ротасынын командири Денис Ярославскийдин Би-Би-Сиге коргонуунун биринчи сызыгы жок болгондуктан орустар "жөн гана жөө кирип барганын" айтканы талкуу жараткан.

Мындай соболго эксперттердин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн өз жообу бар: чек арага жакын болгондуктан, тынымсыз аткылоолордон улам коргонуу чараларын көрүүгө дээрлик мүмкүн болгон эмес.

"Ок жаап турганда иштөө абдан кооптуу. Бирок балким коргонуу чептери анча бекем болбой калгандыр", – деди Волчанск шаардык администрациянын жетекчиси Тамаз Гамбарашвили "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун украин кызматына.

Волчанск шаарын Орусия 2022-жылдын февралында Украинага согуш ачкан алгачкы күндөрү эле оккупациялап алган. Жарым жылдан кийин, ошол эле күзүндө украин армиясы аны толук бошоткон.

Украин аскерлери жарым жыл орус күчтөрүнүн көзөмлүндө болгон Волчанск шаарын бошотуп, Орусиянын желеген өрттөп жатышат. 13-сентябрь, 2022-жыл
Украин аскерлери жарым жыл орус күчтөрүнүн көзөмлүндө болгон Волчанск шаарын бошотуп, Орусиянын желеген өрттөп жатышат. 13-сентябрь, 2022-жыл

Аскердик талдоочу Конрад Музыканын пикиринде, Орусия жарым жылдан бери жасап жатканын аракеттеринин натыйжасын эми көрүүдө.

“Украина азыр эң алсыз чекитте турат. Аскерлери жетишпейт. Коргонуусу толук бекемделген эмес. Курал-жабдык жетишсиз. Ошол эле учурда Орусия аскердик кубаты, жоокерлердин саны менен ургаалдуу согушту улантууда. Мунун баары Москвага фронтто тынымсыз операцияларды жүргүзүп, украиналыктарды чегинтүүгө шарт түзүүдө”, - деди ал “Настоящее время” телеканалына курган маегинде.

Соңку окуялардан кийин "Харьков" ыкчам-тактикалык аскер бөлүгүнүн башчысы Юрий Галушкин алынып, анын ордуна Михаил Драпатый дайындалды.

Орус күчтөрү Харьков облусуна көзөмөл орнотууну көздөйбү?

Эксперттер белгилегендей, украин армиясына учурда аскер да, курал-жабдык да жетишпей турат. Ал эми АКШ үч жумада жактырган 60 млрд долларлык кошумча жардам майданга дагы деле жете элек.

Орус армиясынын азыркы соккулары бул украин жетекчилиги эки-үч айдан бери эскертип жаткан чабуулдарбы же башкабы, азырынча белгисиз.

Украин чалгын кызматынын башчысы, генерал Кирилл Будановдун пикиринде, орус күчтөрү укран армиясын алсыздандырып, аларды алаксытууну көздөйт. Генералдын бул сөздөрүнө бир катар аскердик аналитиктер жана башка расмий адамдар дагы кошулат. Буданов айткандай украин армиясы жакынкы бир нече күндө өз позицияларын бекемдеп, кырдаал турукташуусу мүмкүн. Бирок ал Орусия Сумы облусуна чабуулун баштайт деп күтүлүп жатканын кошумчалады.

Портсмут университетинин аскердик эксперти Фрэнк Ледвидждин пикиринде Орусия Харьков облусун басып алууну эмес, буфердик зона түзүүнү гана көздөп жатканын DW агенттигине билдирген.

Мындай пландары тууралуу жыл башында Орусиянын президенти Владимир Путин дагы айткан эле.

"Киев режиминин карамагындагы аймакта "санитардык зона" түзүүгө аргасыз болушубуз мүмкүн" - деген Путин 18-мартта Белгород шаары туш болгон кезектеги аба чабуулдан кийинки комментарийинде.

Ал эми украин президенти Владимир Зеленский Орусия украин аскерлеринин "күчүн чачыратууну көздөйт" деген пикирде. Мындай пикирге аскердик аналитик Франц-Стефан Гади дагы кошулат. Ал Москванын максаты учурда Часов Яр шаарынын тегерегиндеги украин армиясын таркатуу экенин The New York Times басылмасына айткан. Бул шаар стратегиялык жактан маанилүү болуп саналат. Аны алса, орус армиясына Донбасттын түштүк-чыгышына багыт алууга шарт түзүлөт.

Маалыматтарга караганда Харьковдогу чабуулу үчүн Москва бир нече гана батальонун колдонууда. Маселен, украин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдиргендей, Волчанскини алуу үчүн Орусия беш гана батальонун жөнөткөн. Бул болжол менен эки-үч миң аскер дегенди билдирет. Жалпысынан бул багытта 30 -35 миңдей орус аскери бар.

Эксперт Конрад Музыканын ою боюнча жаңы мобилизацияланган аскерлер жана америкалык курал-жабдык фронтко жеткиче орус армиясынын алдыга жылууга 3-4 айлык мүмкүнчүлүгү бар. Аналитик орус күчтөрү муну түшүнүп, болушунча колдонушу мүмкүн деген кооптонот. "Алдыдагы эки-үч ай чечүүчү болот", - дейт ал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG