Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:39

"Чыныгы тозоктон өттүк". Бишкекте запкы көргөн чет элдиктер


Бишкекте башаламандыкта жабыркаган чет элдик жаран шаардык ооруканага туштү, 18-май, 2024-жыл
Бишкекте башаламандыкта жабыркаган чет элдик жаран шаардык ооруканага туштү, 18-май, 2024-жыл

Кыргызстандын университеттеринде окуган пакистандык студенттер "Машаал" радиосуна ("Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Пакистан кызматы) Бишкекте 18-майга оогон түнү өздөрү көргөн башаламандык тууралуу айтып беришти.

18-майга караган түнү Бишкекте болгон ызы-чууда жалпы 29 киши жабыркаганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Пакистандын элчилиги 14 жараны зардап чеккенин ырастады. Улуттук госпиталга "жаак сөөгү сынган" деген диагноз менен жаткырылган пакистандык жаран операция болору маалымдалды.

Пакистандын жана Индиянын элчиликтери Кыргызстандагы жарандарына сыртка чыкпай турууну эскертти.

Бишкекте түн ичинде жаалданган топ жатаканага капыстан кирип келгенде медициналык окуу жайдын студенти Саед Шахрух Хан башкалар менен кошо эптеп жашырынууга аргасыз болгон.

“Чыныгы тозокту баштан кечирдик. Башка бир катар менчик жана университетке таандык жатаканалардай эле биздикине да чабуул коюшту”, - деп айтып берди Адам университетинин акыркы курсунда окуп жаткан Хан “Машаал” радиосуна.

Бишкектеги башаламандык эмнеден башталды?
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:24 0:00

Хан 18-майга караган түнү Бишкекте болгон башаламандык жөнүндө айтып берген пакистандык студенттердин бири. Анын алдында "жергиликтүү жаштар египеттик студент-медиктер менен мушташты" делген видео социалдык тармактарга тараган.

“Жергиликтүүлөр эркек же кыз студент болобу, маңдайына чыккандардын бардыгын сабап, жерге сүйрөп жатышты. Университеттин сыртында да пакистандык жана индиялык студенттердин артынан түшүп токмоктошту”, - деп айтып берди Хан.

Ал “Машаал” радиосуна айтып бергендей, зордук-зомбулук менен коштолгон окуя түнкү саат 2лерде тутанган, жаалдангандар адегенде пакистандык жана индиялык студенттердин жүргөн жерин аныкташкан.

“Түн ичинде эшик-терезелерди талкалап, биздин жатаканага кирип келишти. Бактыга жараша милиция тез эле келип калды. Алар кырдаалды көзөмөлгө алышты. Башка жатаканаларда кырдаал биздикинен начар болду. Жергиликтүүлөр студенттерди сабап, анан бөлмөлөрүнөн сүйрөп чыгышты”, - деп айтты Хан.

Кыргызстандын Эл аралык университетинде медицинаны окуган пакистандык дагы бир студент Хасниан Али анын достору жатаканаларда токмоктолуп, кээ бирлери катуу жараат алганын айтып берген.

Али 18-майда түштөн кийин Бишкектин милициясы дагы бир жоон топ адам алардын университетине көздөй келатканын, “Жарыкты өчүрүп, эшик-терезелерди бекитип алгыла, көчөгө чыкпагыла!" - деп эскерткенин кошумчалаган.

“Суу, тамак-ашы жок отурабыз. Милиция жардам бербеди. Алар өткөн түнү тиги балдар кеткенден кийин келген. Пакистандын элчилиги да азырынча бизге жардам жөнөтө элек. Маалымат каражаттары аркылуу биз кандай абалда экенибизди айтып берүүгө аракеттенүүдөбүз”, - деген Алинин үнү коркконунан титирегендей угулуп турду.

Студенттердин дагы бири Фарук Зеб индиялыктарга, пакистандыктарга каршы ураан чакырган жаалданган топ жатакананын дарбазасын бузуп киргенин көргөң.

“Тамак же суу жок, эми эмне болот деп коркуп отурабыз”, - деген Ала-Тоо Эл аралык университетинде окуган Зеб.

Дагы бир студент Мухаммад Ихтишам Латифтин 18-майда эртең менен айтып бергендерине караганда, зомбулук “египеттик студенттер жергиликтүүлөр менен тиреше кеткенде тутанган”.

“Жергиликтүүлөр эми нааразы болуп, индиялык жана пакистандык студенттерди сабап жатат. Жатаканаларында, жашаган үйлөрүндө артынан түшүп жатышты, эшиктерди талкалашты. Мен башка студенттер менен кошо кечээтен бери университеттин корпусунда бекинип отурам”, - деди “Машаал” радиосуна Латиф.

Журналисттер аны менен кийинчерек байланышканда милициянын машинасында баратканын, аны менен кошо 20 чакты студентти коопсуз жерге алып чыгып кетишкенин айтты.

Пакистандык студенттер "жашыл коридор" сурады
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:08 0:00

"Студенттерди коргоп жатабыз"

Royal Metropolitan University деп аталган окуу жайдын ректору Гүлбара Кулушева “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысына университет 800дөй студентти азык-түлүк, башка эң зарыл нерселер менен камсыз кылууга аракеттенип жатканын айтты:

“Алардын басымдуусу Пакистандан келген студенттер. Түнү бою университеттин кызматкерлери студенттерди жаалданган топтон коргоп жатаканада жүрдү. Азыр да коргоп жатабыз”.

Бишкектеги менчик окуу жайлардын биринин кызматкери башаламандык болгон түнү университеттин окутуучулары менен жатаканада студенттерди кайтарып чыгышканын айтып берди.

"Бүгүн университеттин окутуучулары, кызматкерлери кезек-кезеги менен жатаканадагы студенттерге ысык тамак уюштуруп, суу жеткирип, зарыл болгон нерсенин баары менен камсыздады. Чет элдик студенттердин көбү шаардын ар кайсы жеринде батирлерде турат, алардын баары менен шыр байланыш түзүлгөн. Жардам керек дегендерге жеткирип берип, жатаканада окутуучулар студенттердин жанында калууда. Бул ишти кырдаал тынчып, окуу башталгыча улантабыз", - деди "Азаттыкка" атын атабай эле коюуну өтүнгөн окуу жайдын кызматкери.

Кыргыз милициясы 18-майда Пакистандын элчилигин кайтарууга алды.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) 18-майга караган түнү Бишкекте катталган тополоңдун жана анын чыгышына себеп болгон окуялардын хронологиясын жарыялап, иштин деталдары тууралуу расмий маалымат тараткан. Мекеме түнкүсүн калаада 700гө чейин жеткенин, чогулгандар иштеринен соң таңга жуук тарап кетишкенин билдирген.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы бул окуяларга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Төрт чет элдик жаран кармалганы маалымдалды. Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада чет элдик жарандарга кол салган жергиликтүү төрт адамдын экөө аныкталды. Милиция жогорудагы эки адамдын турган жерин жана башка адамдардын тек-жайын аныктоо боюнча иштерди алып барууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG