Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:22

Ошто селден улам өзгөчө кырдаал жарыяланды


Оштогу сел

Ишембидеги селдин кесепетин жоюу үчүн Ош шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Нөшөрдөн улам жолдорду жана үйлөрдүн жер төлөсүн, короолорду суу каптап, куткаруучулар күчөтүлгөн режимде иштешти.

Ак-Буура дарыясынан бир аялдын сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги анын сел менен байланышы жок экенин билдирди.

"Короонун алдындагы тыт дарактары ийилип, сынып калгыдай абалда турат. Эми аны "Жашылдандыруу" ишканасына көрсөтүп, адистер макул болсо, кестирип салыш керек. Өйдө жактагы көп кабаттуу үйдүн, "Ош Маркет" дүкөнүнүн жер төлөсүнө суу кирди", - деди Гапар Айтиев көчөсүндөгү 8-үй менен Курманжан Датка көчөсүндөгү 33-үйдүн комитет башчысы Разия Раимова.

Ал 18-майдагы көнөктөгөн жаандан улам арыктан ташкындаган суу жолду каптап, айрым жерлерде отургучтарды агызып кете жаздаганын белгиледи.

Социалдык түйүндөрдө жарыяланган видео жана сүрөттөрдө калаанын көчөлөрү сууга толуп, кооптуу кырдаал жаралганы көрүнүп турат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Алтынбек Абылаев селдин зыяны тууралуу жекшембиде "Азаттыкка" буларды билдирди:

"Катуу жамгырдын кесепетинен 23 турак үйгө, үч социалдык объектинин жер төлөлөрүн суу каптады. Сууну сордуруу, тазалоо иштери 90% аткарылды. Арыктарды, каналдарды тазалоо боюнча жергиликтүү бийликке сунуш берилди".

Бул күнү Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунун айрым жерлеринде сел жүрдү. Ош-Папан-Кожо-Келең жолунда, Садырбай-Каратай жолунда жана Мырзаке-Кара-Шоро ички чарбалык унаа жолунда сел жүрүп, кум, шагылга толтуруп салды. Алар кайра тазаланды. Аксы районунда катуу жаан-чачын болду.

Расул Рахманалиев
Расул Рахманалиев

Ишкер Расул Рахманалиев Ош шаарынын негизги көчөлөрүндөгү арыктардан дээрлик дайыма катуу жаан-чачында суу ташкындап, жолдорду каптай берерин айтып, муну тазалоо иштеринин начардыгына байланыштырды:

"Айтиев, Курманжан датка, Ленин көчөлөрүндө, жаңы жана эски көпүрө жактарда дайыма эле ушундай абал. Суу түтүктөрү толуп калганбы, же алмаштырылган эмеспи, каралбай калганбы, билбейм. Дайыма эле ишембилик уюштурулат, бирок арыктар, түтүктөр маселеси калып кете берет сыягы. Ушул жагы да көзөмөлгө алынса жакшы болмок. Арык көп, бирок суу кетпей туруп калат".

Жолдорду суу каптаган күнү калаа мэри Бакытбек Жетигенов чукул жыйын куруп, шаардын жарандык коргонуу кызматтарына, мекеме-уюмдардын жетекчилерине сел кесепетин жоюу, калыбына келтирүү, тазалоо иштерин ыкчам уюштуруу тапшырмасын бергенин мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Ош мэриясынын чукул жыйыны. 18-май, 2024-жыл.
Ош мэриясынын чукул жыйыны. 18-май, 2024-жыл.

Нөшөрлүү жаан күнү Ак-Буура дарыясынан 35-40 жаштардагы аялдын сөөгү табылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Алтынбек Абылаев бул окуянын сел менен байланышы жоктугун, сөөк Ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп бергенин билдирди.

"Сөөктү суудан алып чыгуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистерине милициядан кайрылышкан. Аялдын жасатын куткаруучулар суудан алып чыгып, ички иштер органдарына өткөрүп берген".

Өзгөн шаарында турак үйдүн короосун каптаган сууну сордуруу учуру. 18-май, 2024-жыл.
Өзгөн шаарында турак үйдүн короосун каптаган сууну сордуруу учуру. 18-май, 2024-жыл.

Кыргызстанда сел коркунучу июнь айынын ортосуна чейин сактала турганын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 15-майда Жогорку Кеңеште өлкө аймагында болуп жаткан табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу иштери жөнүндө маалымат бергенде билдирген. Министр алдыдагы күндөрү дагы бир аптадай жаан-чачындуу аба ырайы болорун эскерткен.

Аксы районундагы айылдардын биринде катуу жаандан кийинки көрүнүш. 18-май, 2024-жыл.
Аксы районундагы айылдардын биринде катуу жаандан кийинки көрүнүш. 18-май, 2024-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебинде, 20-апрелден 15-майга чейин өлкө аймагында 125 өзгөчө абал катталды. Алардын көбү Ош жана Жалал-Абад, Талас облусунда болду. Табигый кырсыктан бир адам каза таап, сел 100дөн ашуун малды агызып кетти. 330дан ашуун турак үй, 160тай чарбалык курулуштар, 26 социалдык объектилер, 121 чакырым жол, каналдар, арыктар, 11 автоунаа зыян тартып, 435 гектар айдоо аянтын суу басты. Мындан сырткары 20 ички чарбалык көпүрө жарактан чыккан. Министрлик селдин кесепетин аныктоо иши уланып жатканын билдирген.

Ал арада Кыргызгидромет кызматы 19-20-май күндөрү нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу райондорунда, тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүндүгүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөрүн эскертти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG