Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:15

Баткенде жана Жалал-Абадда сел жүрдү

Баткен.
Баткен.

5-майда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Баткен жана Жалал-Абад облустарында сел жүрдү.

Сел Баткен облусунун Лейлек районунда, анын ичинде Сүлүктү шаарында жүрдү.

Сүлүктүдөгү Раззаков көчөсүндөгү ички чарбалык көпүрөдөн суу ашып, жолдорду каптаган.

Сел суулары Лейлек районунун Катраң, Коргон, Андарак, Көк-Таш, Баул, Самат, Жаркыштак, Мурас айылдарын да каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, селдин кесепетинен Лейлекте бир дүкөнгө, жети үйдүн короосуна, алты жер төлөгө суу кирген жана беш убактылуу көпүрөнү агызган.

Балдар бакчасынын тосмосунун 30 метрдей бөлүгү бузулган. Ошондой эле суу төрт бодо малды алып кеткен.

Баткен.
Баткен.

"Бактыга жараша табигый кырсыктан адам өмүрүнө зыян келген жок. Учурда Ош — Раззаков жолун тазалап, каттамды калыбына келтирүү иштери уланууда", - деп айтылат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүндө.

Баткен.
Баткен.

Жалал-Абадда да сел жүрдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 6-майга караган түнү саат 02:35 тер чамасында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө да нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Базар-Коргон – Арстанбап жолунун 14-чакырымында колоттордон сел суулары түшүп, жол каттамын кыйындаткан.

Жерине райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана жарандык коргоо кызматтары тартылып, тактоо жана калыбына келтирүү боюнча тийштүү жумуштарды алып барышкан.

Учурда жеринде №50 жол тейлөө ишканасынан бир автожүктөгүч тартылып, жолду кеңейтүү жана тазалоо жумуштары жүрүүдө.

Жалал-Абад. 6-май, 2024-жыл
Жалал-Абад. 6-май, 2024-жыл

Апрелдин акыркы аптасында нөшөрдөн улам Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын аймактарында миңден ашык үйдү суу басып, бир катар автоунаа жолдору жабылган.

"Кулпунай талаасын суу жууп кетти". Аймактардагы селдин кесепети

Барпы айыл аймагынын Насосный участкасынын тургуну Айдана Мухаммед кызынын үч бөлмөлүү үйүнүн ичи ылайга толуп, дүкөнүндөгү азык-түлүгү сууга аккан. Үйдүн терезесине чейин агып келген суу дубалды жырып өткөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 21-апрель саат 23:00гө карата берген маалыматына ылайык, Барпы айыл өкмөтүнүн Курук-Сай айылында болгон сел 45 турак жайдын короолорун жана төрт үйдү каптаган.
1/29 Барпы айыл аймагынын Насосный участкасынын тургуну Айдана Мухаммед кызынын үч бөлмөлүү үйүнүн ичи ылайга толуп, дүкөнүндөгү азык-түлүгү сууга аккан. Үйдүн терезесине чейин агып келген суу дубалды жырып өткөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 21-апрель саат 23:00гө карата берген маалыматына ылайык, Барпы айыл өкмөтүнүн Курук-Сай айылында болгон сел 45 турак жайдын короолорун жана төрт үйдү каптаган.
Толук көрсөт Кыскарт
20-апрелде нөшөр жаандан улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда сел жүрүп, бир катар автоунаа жолдору жабылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селде бир киши каза тапканын билдирген.<br />
Алай районунда 34 турак жайдын короосун суу каптап, Ош - Сары-Таш - Эркештам унаа жолу бир канча убакыт жабылып, тазалоо иштеринен кийин кайра калыбына келтирилген.
2/29 20-апрелде нөшөр жаандан улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда сел жүрүп, бир катар автоунаа жолдору жабылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селде бир киши каза тапканын билдирген.
Алай районунда 34 турак жайдын короосун суу каптап, Ош - Сары-Таш - Эркештам унаа жолу бир канча убакыт жабылып, тазалоо иштеринен кийин кайра калыбына келтирилген.
Толук көрсөт Кыскарт
22-апрелде Талас облусунун Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар айылында, Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылында жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылында сел жүргөн. Селдин кесепетинен 250 турак жай, короо-сарайлар, ички чарбалык жолдор, бир көпүрө жабыркаган. Сүрөттө:&nbsp;Көк-Кашат айылы.
3/29 22-апрелде Талас облусунун Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар айылында, Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылында жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылында сел жүргөн. Селдин кесепетинен 250 турак жай, короо-сарайлар, ички чарбалык жолдор, бир көпүрө жабыркаган. Сүрөттө: Көк-Кашат айылы.
Толук көрсөт Кыскарт
Талас районунун аймагында 23-апрелде катуу жааган жаандан кийинки селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу үчүн өзгөчө кырдаал режими киргизилген.&nbsp;Сел кыйраткан үй. Көк-Кашат айылы, Талас.
4/29 Талас районунун аймагында 23-апрелде катуу жааган жаандан кийинки селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу үчүн өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Сел кыйраткан үй. Көк-Кашат айылы, Талас.
Толук көрсөт Кыскарт
Талас районунун Көк-Кашат айылынын тургуну Куралбек Кожокеев чарбагына кулпунайдын жаңы сортун тигип, тамчылатып сугаруу системасын да киргизген. Сел каптаганда кулпунай жана тамчылатып сугаруу үчүн колдонулган түтүктөрдү жууп кеткен. Кожокеев 200 миң сомдон ашык зыян тартканын айтууда. Кулпунайдын көчөтү анын уулу Европа өлкөлөрдө иштеп келип, тапкан акчасына алынган экен.
5/29 Талас районунун Көк-Кашат айылынын тургуну Куралбек Кожокеев чарбагына кулпунайдын жаңы сортун тигип, тамчылатып сугаруу системасын да киргизген. Сел каптаганда кулпунай жана тамчылатып сугаруу үчүн колдонулган түтүктөрдү жууп кеткен. Кожокеев 200 миң сомдон ашык зыян тартканын айтууда. Кулпунайдын көчөтү анын уулу Европа өлкөлөрдө иштеп келип, тапкан акчасына алынган экен.
Толук көрсөт Кыскарт
Көк-Кашат айылынын жашоочусу Рапулбек Түлөөкул уулу 20 сотых жерине кулпунай эгүү үчүн 70 миң сом кредит алган. Анын дагы кулпунай талаасын сел каптап кеткен.&nbsp;
6/29 Көк-Кашат айылынын жашоочусу Рапулбек Түлөөкул уулу 20 сотых жерине кулпунай эгүү үчүн 70 миң сом кредит алган. Анын дагы кулпунай талаасын сел каптап кеткен. 
Толук көрсөт Кыскарт
Рапулбек Түлөөкул уулуна тийиштүү жер. Тамчылатып сугаруу системасы жарактан чыккан. Көк-Кашат айылы, Талас.
7/29 Рапулбек Түлөөкул уулуна тийиштүү жер. Тамчылатып сугаруу системасы жарактан чыккан. Көк-Кашат айылы, Талас.
Толук көрсөт Кыскарт
Талас облусунун Талас районуна караштуу Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылында, Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылдарында сел жүргөн. Көк-Кашат айылы, Талас.
8/29 Талас облусунун Талас районуна караштуу Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылында, Кең-Кол айыл аймагынын Ак-Жар жана Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылдарында сел жүргөн. Көк-Кашат айылы, Талас.
Толук көрсөт Кыскарт
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Жогорку Кеңештин 25-апрелдеги жыйынында сел, суу ташкындардын кесепети жөнүндө маалымат берген.&nbsp;Министрдин орун басарынын маалыматына караганда, селге,&nbsp;<strong>биринчиден</strong>, сел түшө турган жерлерге мыйзамсыз курулуштардын түшкөнү,&nbsp;<strong>экинчиден,</strong>&nbsp;арыктардын жана каналдардын тазаланбаганы,&nbsp;<strong>үчүнчүдөн</strong>, мал туягы көбөйүп, натыйжада жаандын суусу жерге сиңбей жатканы себеп болууда.<br />
&nbsp;
9/29 Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Жогорку Кеңештин 25-апрелдеги жыйынында сел, суу ташкындардын кесепети жөнүндө маалымат берген. Министрдин орун басарынын маалыматына караганда, селге, биринчиден, сел түшө турган жерлерге мыйзамсыз курулуштардын түшкөнү, экинчиден, арыктардын жана каналдардын тазаланбаганы, үчүнчүдөн, мал туягы көбөйүп, натыйжада жаандын суусу жерге сиңбей жатканы себеп болууда.
 
Толук көрсөт Кыскарт
Жергиликтүү бийликтин арык-каналдарды өз маалында тазалоого көңүл бурбаганы, аймактарда тийиштүү деңгээлде жумуш жүргүзбөгөнү да селге себеп болору айтылып келет. Талас облусу.
10/29 Жергиликтүү бийликтин арык-каналдарды өз маалында тазалоого көңүл бурбаганы, аймактарда тийиштүү деңгээлде жумуш жүргүзбөгөнү да селге себеп болору айтылып келет. Талас облусу.
Толук көрсөт Кыскарт
25-апрель күнү саат 23:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагынын Корс-Этти айылында сел жүрүп, бир турак үйдүн короосун жана ички чарбалык унаа жолду каптаган.&nbsp;Сел каптаган турак үй. Ош облусу.&nbsp;
11/29 25-апрель күнү саат 23:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагынын Корс-Этти айылында сел жүрүп, бир турак үйдүн короосун жана ички чарбалык унаа жолду каптаган. Сел каптаган турак үй. Ош облусу. 
Толук көрсөт Кыскарт
ӨКМдин маалыматында республика боюнча 20-23-апрель күндөрү 67 жолу сел кырсыктары катталган. Ош облусунда 29, Жалал-Абад облусунда 18, Баткен облусунда 10, Талас облусунда 4, Чүйдө 4 жана Ош шаарында 2 ирет суу ташкыны болгон. Сел 1092 кожолукту каптап, 264 үйдүн жертөлөсүнө суу кирген. Алдын ала тактоолор боюнча, 253 үй канааттандырарлык абалда, тогуз үй толук ремонтко муктаж, эки үй жараксыз абалга келген, бир катар социалдык объектилер жараксыз абалда. 300 кожолук эвакуацияланган. Ош облусу.
14/29 ӨКМдин маалыматында республика боюнча 20-23-апрель күндөрү 67 жолу сел кырсыктары катталган. Ош облусунда 29, Жалал-Абад облусунда 18, Баткен облусунда 10, Талас облусунда 4, Чүйдө 4 жана Ош шаарында 2 ирет суу ташкыны болгон. Сел 1092 кожолукту каптап, 264 үйдүн жертөлөсүнө суу кирген. Алдын ала тактоолор боюнча, 253 үй канааттандырарлык абалда, тогуз үй толук ремонтко муктаж, эки үй жараксыз абалга келген, бир катар социалдык объектилер жараксыз абалда. 300 кожолук эвакуацияланган. Ош облусу.
Толук көрсөт Кыскарт
Турак жайын сел каптаган Жусупбек Мамиевдин короосу. Ош облусу.&nbsp;
18/29 Турак жайын сел каптаган Жусупбек Мамиевдин короосу. Ош облусу. 
Толук көрсөт Кыскарт
26-апрель, саат 9:30 чамасында Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл аймагына караштуу Куланак айылында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Кур-Жылга коктусунан сел жүрүп, бир турак үйдүн короосун каптаган.&nbsp;
19/29 26-апрель, саат 9:30 чамасында Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл аймагына караштуу Куланак айылында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Кур-Жылга коктусунан сел жүрүп, бир турак үйдүн короосун каптаган. 
Толук көрсөт Кыскарт
20-апрелден 24-апрелге чейин нөшөрдөн улам Жалал-Абад облусунун ондой аймагында: Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука, Токтогул райондорунда, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу жана Жалал-Абад шаарларында жалпы 22 сел кырсыгы катталды.
20/29 20-апрелден 24-апрелге чейин нөшөрдөн улам Жалал-Абад облусунун ондой аймагында: Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука, Токтогул райондорунда, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу жана Жалал-Абад шаарларында жалпы 22 сел кырсыгы катталды.
Толук көрсөт Кыскарт
705 турак жайдын короолорун суу каптап, 17 үйдү суу басты. Үч турак жай авариялык абалга кептелип, атайын комиссия 12 турак үй капиталдык оңдоого муктаж экенин аныктады. 15 чакырымдан ашуун ички чарбалык жол, 10 ички көпүрө, айыл чарба жерлери жабыркады. Жалал-Абад.
21/29 705 турак жайдын короолорун суу каптап, 17 үйдү суу басты. Үч турак жай авариялык абалга кептелип, атайын комиссия 12 турак үй капиталдык оңдоого муктаж экенин аныктады. 15 чакырымдан ашуун ички чарбалык жол, 10 ички көпүрө, айыл чарба жерлери жабыркады. Жалал-Абад.
Толук көрсөт Кыскарт
Селден улам Жалал-Абад облусунда 88 гектар айдоо жери, 4750 метр сел өтүүчү каналдар&nbsp; жабыркаган.
22/29 Селден улам Жалал-Абад облусунда 88 гектар айдоо жери, 4750 метр сел өтүүчү каналдар  жабыркаган.
Толук көрсөт Кыскарт
Өзгөчө кырдаалдар министринин маалыматында&nbsp; жети социалдык объектти сел каптаган. Анын бири жараксыз абалга кептелди. Сүрөттө Жалал-Абад облусундагы сел каптаган мектептин бири.&nbsp;
23/29 Өзгөчө кырдаалдар министринин маалыматында  жети социалдык объектти сел каптаган. Анын бири жараксыз абалга кептелди. Сүрөттө Жалал-Абад облусундагы сел каптаган мектептин бири. 
Толук көрсөт Кыскарт
Селден кийинки жолдорду тазалоо иштери жүрүп жатат.&nbsp; Жалал-Абад облусу.&nbsp;
24/29 Селден кийинки жолдорду тазалоо иштери жүрүп жатат.  Жалал-Абад облусу. 
Толук көрсөт Кыскарт
Селден жабыркаган үй. Жалал-Абад облусу.&nbsp;
25/29 Селден жабыркаган үй. Жалал-Абад облусу. 
Толук көрсөт Кыскарт
Баткенде селден 98 объект зыян тарткан. Раззаков шаарындагы райондук ооруканасы жана &ldquo;Наристе&rdquo; бала бакчасы жабыркап, Самат айылындагы көпүрөнү сел алып кеткен.
26/29 Баткенде селден 98 объект зыян тарткан. Раззаков шаарындагы райондук ооруканасы жана “Наристе” бала бакчасы жабыркап, Самат айылындагы көпүрөнү сел алып кеткен.
Толук көрсөт Кыскарт
Депутат<strong>&nbsp;Камила Талиеванын парламентте айтканына караганда,&nbsp;</strong>Баткенде 98 объект зыян тарткан, Раззаков шаарындагы райондук оорукана, &ldquo;Наристе&rdquo; бала бакчасы жабыркап, Самат айылындагы көпүрөнү сел алып кеткен, 2021-аскер бөлүгү, саниэпидемиологиялык борбор жапа чеккен. Сел каптаган үйдү тазалап жаткан ӨКМ кызматкери. Баткен.
27/29 Депутат Камила Талиеванын парламентте айтканына караганда, Баткенде 98 объект зыян тарткан, Раззаков шаарындагы райондук оорукана, “Наристе” бала бакчасы жабыркап, Самат айылындагы көпүрөнү сел алып кеткен, 2021-аскер бөлүгү, саниэпидемиологиялык борбор жапа чеккен. Сел каптаган үйдү тазалап жаткан ӨКМ кызматкери. Баткен.
Толук көрсөт Кыскарт
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери сел суунун үстүнөн мектеп окуучусун көтөрүп батратат. Баткен шаары.&nbsp;
29/29 Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери сел суунун үстүнөн мектеп окуучусун көтөрүп батратат. Баткен шаары. 
Толук көрсөт Кыскарт
Артка
Алдыга

Куржундар
XS
SM
MD
LG