Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:11

Кызыл-Омполдо опол тоодой байлык барбы?


Уран ташы
Уран ташы

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кызыл-Омпол кенинде 300 млрд долларга жакын байлык жатканын, урандан башка дагы сейрек кездешкен металлдар бардыгын билдирди. Ал учурда илимпоздор бул кендин техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап жатканын айтты.

Буга чейин Ысык-Көлдүн Тоң районунда жайгашкан Кызыл-Омпол кенин казууга каршы акциялар өткөн.

Жогорку Кеңеш 2019-жылы Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алып жана ага ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Акылбек Жапаров Кызыл-Омпол тууралуу 25-январда президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери жана акимдер катышкан жыйында сөз кылды. Анда өкмөт кендерди экологияга зыяны тийбегендей жол менен казып, пайда көрүшү керектигин белгилеп, буга байланыштуу саясатты колдоого чакырды.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

"Кызыл-Омпол кенибизде "уран-уран” деп кыйкырып атышты эле, ал жерде аз эле экен. Ал жерде 20 млн тонна титан-магнетит, цирконий жана сейрек кездешүүчү бүт металлдар бар экен. Биздин окумуштуулар болжол менен техникалык-экономикалык негиздемесин жасап берип жатышат. Алар 300 млрд долларга чейин байлыгыбыз ошол Кызыл-Омполдун тегерегинде эле деп айтып жатышат. Ошондой сейрек кездешүүчү металлдар Баткенде бар экен. Биз кендерди иштетебиз, сиздер ушул жааттагы саясатты жакшылап колдоп беришиңиздер керек. Экологиялык жактан зыян келтирген бир дагы технологияны киргизбейбиз. Бирок кудай берген байлыктын пайдасын көрүшүбүз керек", - деди Жапаров.

Өкмөт азырынча Кызыл-Омпол кени кандай жагдайда, качан иштетиле баштары тууралуу кеңири түшүндүрмө бере элек.

Кызыл-Омполдогу урандын болжолдуу ресурсу жана запасы
Кызыл-Омполдогу урандын болжолдуу ресурсу жана запасы

2019-жылдын аягында Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Анын алдында Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы бир катар нааразылык акциялары өткөн. Мындан улам өкмөт бул кенди казганы жаткан “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясынын лицензиясын токтоткон. Аталган компания ага чейинки жумуштарына 270 млн сомдон ашык коротконун, алар уранды коопсуз жол менен казып аларын билдирген.

Тоо-кенчилер бирлигинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков 300 млрд доллардык кен байлык деген мазмундагы билдирүүлөрдө астейдил болууну эскертет. Ал Кызыл-Омпол толук чалгындала электигин айтып, өлкөдө уран казууга каршы мыйзам бар экенин белгиледи.

Дүйшөнбек Камчыбеков.
Дүйшөнбек Камчыбеков.

"Ал жерде изилденген кендерден арасынан Таш-Булак деген тилкеде гана урандын 3,5 миң тонна запасы бар экен деген аныкталган. Ал Көк-Мойнок айылынын үстүндө, Куакы белине чыгып бараткан жерде жайгашкан. Башка кендерде болжолдуу түрдө ушундай титиномагнетит деген бар, анын 1,5 млн тонна запасы бар экен деп айтылган. Бул 1,5 млн тонна деген запас - бул бир жыл гана иштете турган кен. Ал жерде торий деген кен бар. Андан сырткары сейрек кездешүүчү металлдар мүмкүн деп айтылган. Сейрек кездешүүчү металлдардын бир дагы түрү изилденип, аныкталган эмес. Ошондуктан 300 млрд долларлык байлык деген такталбаган маалымат. Бул маалыматты коомчулукка таратып, жогорку бийликке дагы адистерди аралаштырбай айтып жаткандар мурун ошол Кызыл-Омполду иштетибиз деп аракет кылган орусиялык компаниянын өкүлдөрү болушу мүмкүн. Убагында алар уран кенин иштетебиз деп өнөктөштөрүнөн чоң көлөмдөгү акча алып, Кара-Балтадагы тоо-кен комбинатын даярдашып, Кызыл-Омполдон казылган уранды ошол жерден иштетип, аны Орусияга алып кетебиз деген пландары болгон. Биринчи кезекте титан-магнетитти иштетишибиз керек деген ой менен лицензия берилип, ошонун негизинде уран кенин кайра иштетебиз деп жатат. Ал жерди комплекстүү кен деп коет. Мисалы, бир тонна тоо тектин ичинде титан-магнетити да бар, ураны да бар. Изилденип, далилдене элек сейрек кездешүүчү металлдары да бар. Ошонун баарын чогуу казыш керек болуп калат".

Кыргыз өкмөтү 2021-жылы сентябрда өлкөдө уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Энергетика жана өнөр жай министрлиги даярдаган долбоордо 100% үлүшү мамлекетке таандык ишканаларга гана уран жана торий иштетүүгө уруксат берүү шарты жазылган. Алар инвестор таап, биргелешкен компания түзүүгө мүмкүнчүлүгү бар экени көрсөтүлгөн.

Дүйшөнбек Камчыбеков уран кенин иштетүүдө ириде экономикалык жана экологиялык жактан суроолор бар экенин белгиледи.

"Кызыл-Омполдо жайгашкан жети участок бар экен. Ошонун бирөө Куакынын белине чыгып бараткан жерде Таш-Мойнок деген участок. Ошол эле изилденген. Запасы баланска коюлган. Ал жерде 2-3 жыл гана иштетилчү запас бар. Эгер дагы иштете турган болсок Куакынын белине чыгып бараткан жолду, трассаны жылдырышыбыз керек. Бул өзүнчө чоң каражатты талап кылат. Андан сырткары ошол жерде Кемин-Датка деген чоң линия өтөт, аны дагы жылдырышыбыз керек болот. Бул дагы чоң каражатты талап кылат. Экономикалык көз караш менен иштеткенибиз туура болобу же болбойбу деген суроону койгом. Экинчиден, аныктала элек сейрек кездешүүчү металлдарды алабыз деген күндө дагы анын арасында ураны дагы, торийи дагы бар. Аларды алып барып кайда иштетип, кайда жайгаштырабыз? Уранды иштетүүгө тыюу салган мыйзамды жокко чыгарып, аны иштетүү үчүн Кара-Балтадагы тоо-кен комбинатына алып келишибиз керек. Учурда союздун тушунда иштетилген урандык калдыктарын, ошол эле Миң-Куштагы, Кажы-Сайдагы, Майлуу-Суудагы, Шакафтардагы урандын калдыктарын тазалай албай, Орусияга кайрылып, алар акча бөлүп, ал жердеги рекультивация иштерин бүтүрө албай жатып кайра жаңы бир чекти иштетебиз деп жатабыз. Кара-Балтадагы уу калдыктар жайгашкан жер шамал ура турган жерде жайгашкан. Ошол жерге жайгаштырган экологиялык жактан туурабы же туура эмеспи деген суроо бар. Коңшу Казакстан, Өзбекстандай болуп уран кени бизде өтө көп болсо, дүйнө уран сырьесуна муктаж болуп жатса мен деле мыйзамды жокко чыгарып, иштетүүгө макул болот элем. Экологиялык жактан дыкат технологиялар менен иштетели, экономикабызга пайда табалы дейт элем. Кызыл-Омполдогу участоктордун бири Орто-Токой суу сактагычынын астында жайгашса, дагы бири жанында жайгашкан. Ошол жерлерде жалпысынын 12,5 миң тонна уран болушу мүмкүн экен. Ар кайсы жерде жайгашкан экен. Ошонун баарын каза алабызбы? Биз ал жактагы экологияны бузганы жатпайбызбы. Андан калган калдыктарды рекультивация кылганга жардам бергиле деп суранабызбы?", - деди Камчыбеков.

Парламенттеги Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитетинин төрагасынын орун басары депутат Кундузбек Сулайманов уранга байланыштуу мыйзам долбоору, өкмөттөн азырынча сунуш келе электигин билдирди.

"Бул долбоор комитетке келсе ал сөзсүз каралат, оң маалымат же терс маалымат берилиши керек. Менин бул тууралуу азырынча маалыматым жок. Азыр эч нерсе деп айта албайм. Бизге долбоор келе элек".

Расмий маалыматка ылайык, Кызыл-Омпол тоо-кен участогу 1951-жылы ачылган. Ачык маалыматтарда көрсөтүлгөндөй, СССРдин убагындагы чалгындоо иштеринде анда жалпысынан 13 миң тонна уран бар экени, анын 3, 5 миң тоннага жакыны реалдуу казып алууга боло турган запас деп эсептелет.

Кыргызстанда уран кенин чалгындоого, Кызыл-Омполду кошкондо 20 лицензия берилгени маалым болгон.

XS
SM
MD
LG